Бишкектин көчөлөрүн жарыктандыруу иштери уланууда

Бишкектин көчөлөрүн жарыктандыруу иштери уланууда. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, жыл жаңыргандан тартып 16 миң чакырым узундуктагы зым тартылып, 75 көчөгө 400 түнкү чырак орнотулду. Андан тышкары, 5 конуштун 15 көчөсүндө 74 чырак пайда болду. Ошондой эле авариялык абалдар жоюлуп, эски чырактар алмаштырылууда.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы мектеп ачылды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы мектеп ачылды. Билим берүү мекемеси Ак-Кыя айылында жайгашат жана ал 2 кабаттуу. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, имарат 275 окуучуга чактала. Курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 67 миллион сом сарпталды.

Баткен облусунун бир катар ишкерлери жана жарандары үчүн киреше салыгынын ставкасы эки эсе азайтылды

Баткен облусунун бир катар ишкерлери жана жарандары үчүн киреше салыгынын ставкасы эки эсе азайтылды.  Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, жеңилдиктер берилгенден кийин салыктын көлөмү 10 пайыздан 5 пайызга түштү. Салык кодексине ылайык мындай салыктык жеңилдиктер 2 багытта берилет. Белгилеп кетсек, былтыр жазда Баткен облусунун мамлекеттик… Кененирээк…

Кыргызстанда азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу мектеп окуучуларына ысык тамак берилбей жатат

Кыргызстанда азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу мектеп окуучуларына ысык тамак берилбей жатат. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, мектептерде 7 сомго ысык тамак уюштуруу кыйынга турууда. Учурда азык-түлүктүн баасы токтобостон, жогорулап жатат. Андан улам азык-тулүккө бөлүнгөн каражатты көбөйтүү боюнча каржы министрлигине… Кененирээк…

Кыргызстанда бир жүз аз камсыздалган үй-бүлө 100 миң сомдук грант ала алышат

Кыргызстанда бир жүз аз камсыздалган үй-бүлө 100 миң сомдук грант ала алышат. Эмгек министрлиги Кадамжай жана Жумгал райондорунда жумушчу долбоорду ишке киргизет. Бул, аталган үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосунда «социалдык келишим» түзөт дегенди билдирет. Келишимдин алкагында жарандар киреше алып келүүчү иштерди баштоого гранттарды алышат, ошондой эле… Кененирээк…

Атлантика океанында 4 миң кымбат унаа жүктөлгөн кемеден чыккан өрттү куткаруучулар 5 күндөн бери токтото албай жатат

Атлантика океанында 4 миң кымбат унаа жүктөлгөн кемеден чыккан өрттү куткаруучулар 5 күндөн бери токтото албай жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча анда Porsche, Audi жана Bentley маркасындагы чет элдик унаалар бар. Божомол боюнча, тилсиз жоо электромобилдердин батареяларынан чыгышы мүмкүн. Ал эми борттогу 22 экипаж мүчөсү… Кененирээк…

Россияда коронавирус боюнча сертификатты берүү эрежеси өзгөрдү

Россияда коронавирус боюнча сертификатты берүү эрежеси өзгөрдү. РИА Новости билдиргендей, мындан ары сертификатта коронавируска каршы вакцинациянын бүткөн мөөнөтү, вирус менен ооруп айыкканы жана антителого тапшырган тесттин оң жыйынтыгы жазылат. Анын мөөнөтү тесттин жыйынтыгын алган күндөн тартып алты айга чейин жарактуу болот.

Бишкектин 2 конушунда таза суу өчүрүлөт

Бишкектин 2 конушунда таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында 24-февраль, бейшембиде саат 9дан ечки 6га чейин суу берилбейт. Убактылуу өчүрүү аталган аймактагы социалдык мекемелерге дагы тиешелүү болот. Чектөөлөр суу дарбазасын жана түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.

Бишкекте шайба менен хоккей боюнча 4-дивизиондогу дүйнө чемпионаты өтөт

Бишкекте шайба менен хоккей боюнча 4-дивизиондогу дүйнө чемпионаты өтөт. Турнир 3-марттан 8ине чейин уюштурулат, — дешти дене тарбия жана спорт департаментинен. Мелдешке Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын командалары катышат. Ошондой эле дүйнөгө таанымал хоккей спортчуларынын келиши күтүлүүдө. Департаменттен белгилешкендей, спорттун кышкы түрү боюнча мындай… Кененирээк…

Баткенде 80 социалдык объекттин курулушуна жана оңдоо иштерине 1,5 миллиард сом багытталат

Баткенде 80 социалдык объекттин курулушуна жана оңдоо иштерине 1,5 миллиард сом багытталат. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, сумма мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Мекемелердин катарында – мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, ирригациялык тармактар, ошондой эле коргоо жана тартип коргоо объектилери бар. Каражатты ушул жылы бөлүп берүү пландалууда.