Бишкектеги “Ак-Жар”, “Ак-Бата”, “Келечек” конуштарына 3-мартта таза суу берилбейт

Бишкектеги “Ак-Жар”, “Ак-Бата”, “Келечек” конуштарына 3-мартта таза суу берилбейт.   Мэриядан маалым болгондой, суу эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин турак жайлар, мектептер, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык объектилер менен өнөр жайларда токтотулат.   Убактылуу өчүрүү таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине… Кененирээк…

Ошто адам өмүрүнө кооптуу гемодиализ аппараттары табылды

Ошто адам өмүрүнө кооптуу гемодиализ аппараттары табылды. Башкы прокуратурадан билдиршкендей, менчик медициналык борборлордун бири сапаты тастыкталбаган 28 аппарат менен иш жүргүзүп келген. Тагыраагы, бир дагы жабдуусу Саламаттык сактоо министрлигинен каттоодон өткөн эмес.   Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу… Кененирээк…

Жалал-Абадда массалык ишембилик өтүүдө

Жалал-Абадда массалык ишембилик өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.   Кошумчаласак, шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен бүгүнтөн тарта калаада 3 айлык ишембилик жарыяланган.

Кыргызстан калкын каттоо өнөктүгүнө тартылган координаторлорду окутуу аяктады

Кыргызстан калкын каттоо өнөктүгүнө тартылган координаторлорду окутуу аяктады. Улуттук статистика комитети үч күндүк семинарда нускамалар жана мобилдик тиркемеде камтылган суроолор тизмеси, документти толтуруунун тартиби үйрөтүлгөнүн билдирди.   Өлкөдө эл каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы коомдун учурдагы абалы, экономикасы, социалдык тармагы үчүн маанилүү.

Ордо калаанын бир районунда 1-мартта таза суу токтотулат

Ордо калаанын бир районунда 1-мартта таза суу токтотулат. Мэриядан маалым болгондой, Ак-Босого жаңы конушунда эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин таза суу берилбейт.   Натыйжада, турак үйлөр, мектептер, бала-бакча, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери менен өнөр жай ишканалары суусуз калат.   Убактылуу… Кененирээк…

Бардык калкты тейлөө борборлору жана ЗАГСтар бүгүн штаттык тартипте иш алып барууда

Кыргызстандагы бардык калкты тейлөө борборлору жана ЗАГСтар бүгүн штаттык тартипте иш алып барууда. Санариптик өнүктүрүү министрлиги парламент депутаттарын шайлоого байланыштуу жарандарды даярдалган документтерди алдын ала алууга кам көрүүнү суранат.   Белгилеп кетсек, паспорттун даярдыгы жөнүндө маалыматты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынан, Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу жана… Кененирээк…

Бишкекте мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жүрүп жатат

Бишкекте мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жүрүп жатат. БШКдан билдиришкендей, эки округдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого мекемеден тышкары добуш берүү үчүн 1 миң 253 билдирме түштү.   Мыйзамга ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоо тилкесине келе албагандар үйүнөн добуш берүүгө укуктуу.… Кененирээк…

Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык балбан кыздар башкы байгелерди алышты

Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык балбан кыздар алтын жана күмүш медаль алды. Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan таймашында Айпери Медет кызы финалда австриялык атаандашын 6:4 эсебинде жеңди. Мээрим Жуманазарова финалда нигериялыкка 3:0 эсебинде жеңилип, күмүш байгеге татыды.… Кененирээк…

Сузак жана Базар-Коргон районундагы аз камсыз 400 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылат

Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон районундагы аз камсыз 400 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.   Чет элдик уюм тарабынан уюштурулуп жаткан кайрымдуулук өлкө боюнча 11 миңден ашуун муктаждарга жеткирилет.

Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого үгүттөө кампаниясы токтотулду

Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого үгүттөө кампаниясы токтотулду. Бүгүн Кыргызстанда жымжырттык күнү. Бул күнү үгүттөө иштерин жүргүзгөндөр мыйзамды бузган катары аныкталып, жарыштан четтетилет.   Жарандар эртең, 27-февралда, шайлоого келип каалаган талапкерине добуш беришет.   Белгилеп кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттыгына Биринчи май округунан 26, Свердлов округунан… Кененирээк…