Өлкөдө 7-март, дүйшөмбү кадимки иш күнү болот

Өлкөдө 7-март, дүйшөмбү кадимки иш күнү болот. Министрлер кабинети дем алыш күндөрүн оптималдаштыруу максатында, майрам күндөрүн жылдырбайт, — деп билдиришти өкмөттүн басма-сөз кызматынан 24 агенттигине.   Белгилеп кетсек, 8-март Эл аралык аялдар күнү шейшембиге туура келип, өлкөдө эс алуу жарыяланат. 9-март, шаршембиде кыргызстандыктар кайрадан жумушка… Кененирээк…

Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Ал белгилегендей, өлкөнүн башкы каржы мекемеси талап кылынса керектүү өлчөмдө интервенция өткөрүүгө даяр.   Белгилеп кетсек, буга чейин Улуттук банк үч жолу интервенция жасап, 169 миллион доллар сатты.   Өлкөнүн… Кененирээк…

Мартта кыргызстандыктарды кошумча эс алуулар күтүп турат

Мартта кыргызстандыктарды кошумча эс алуулар күтүп турат. Эмгек башкармалыгынан эскертишкендей, Эл аралык аялдар күнү жана Нооруз майрамына карата 8-мартта жана 21-мартта кошумча дем алыш берилет.   7-мартта иш күнү бир саатка кыскартылат. Бирок 26-март, ишембиде кыргызстандыктар жумушка чыгат, анткени ал үчүн 6-январда эс алуу берилген.

Эртеңден тарта чет элдик жарандар Кыргызстан аймагынан айып төлөгөндөн кийин гана чыга алат

Эртеңден тарта чет элдик жарандар Кыргызстан аймагынан айып төлөгөндөн кийин гана чыга алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Ведомство маалыматына ылайык, буга чейин чет элдик жарандарга биздин өлкө аймагынан виза жана каттоо жасатпай чыгып кетүүгө 1-мартка чейин убакыт берилген.   Жетишпей калгандар 5… Кененирээк…

Украинадагы Кыргызстан жарандарын Венгрия аркылуу эвакуациялоо иштери башталды

Украинадагы Кыргызстан жарандарын Венгрия аркылуу эвакуациялоо иштери башталды. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда 110 кыргызстандык Венгрияга жөнөтүлүүдө.   Андан тышкары, дагы 150дөй жаран кезек күтүп жатат. Эске салсак, буга чейин Украина аймагындагы мекендештерди эвакуациялоо коменданттык саат аяктагандан кийин башталат деп… Кененирээк…

Украинадагы абалга байланыштуу Кыргызстанда баалардын кескин кымбатташына жол бербөө боюнча чаралар көрүлүүдө

Украинадагы абалга байланыштуу Кыргызстанда баалардын кескин кымбатташына жол бербөө боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.   Анын айтымында, учурда ыкчам план иштелип жатат. Андан тышкары, ведомство жакынкы арада базарлардагы спекуляцияны кыскартып, мунай ташуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландоодо.   Министр… Кененирээк…

Ирактын тургуну өзгөчө дүйнөлүк рекорд орнотту

Ирактын тургуну өзгөчө дүйнөлүк рекорд орнотту.   Ал алаканына бир учурда 18 тоок жумурткасын батырды. Бул рекордду коюш үчүн ал жумасына 4 жолу машыгып келген. Гиннес рекорддор китебинин эрежелерине ылайык, жумурткаларды алаканда 5 секунд кармаш керек.

Кыргызстан мектептери медициналык кабинеттер менен камсыздалат

Кыргызстан мектептери медициналык кабинеттер менен камсыздалат. Саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү токтом долбоорун министрлер кабинетинде коомдук талкууга чыгарды.   Документте жазылгандай, жалпысынан өлкөдө 2 миңден ашык мектеп бар. Алардын 22 пайызында гана атайын кабинеттер жана медициналык персонал бар, калган мектептер үй-бүлөлүк медициналык борборлордо тейленет.

Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун бюллетендерин колго саноо аяктады

Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун бюллетендерин колго саноо аяктады. БШКдан билдиришкендей, бардык материалдар аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилди.   Кол менен саноонун жыйынтыгында Биринчи май округунда Эльвира Сурабалдиева алдыга чыкса, Свердлов округунда Абдурахманхаджи Муртазалиевге добуш көп берилген.   Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын куну 97 сомго жетти

Кыргызстанда доллардын куну 97 сомго жетти. Ушул мүнөттөргө карата коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 94 сомдон сатып алып, кайра 97 сомго сатышууда.   Ал эми Улуттук банктын расмий курсу 89 сом 10 тыйын деп орнотулган. Белгилеп кетсек, Украина-Россия ортосундагы куралдуу кагылышуудан улам,… Кененирээк…