Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу июнь-июль айларында башталат

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу июнь-июль айларында башталат. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, бул акыркы 30-40 жылдагы эң ири долбоор.   Ошондой эле анын суу сактагычында  5 миллиард кубометр суу топтоого мүмкүн болуп, суу тартыштыгы көйгөйү чечилет. Эске  салсак, Камбар-Ата – 1 ГЭСи… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июндун экинчи жарымында жарыяланат

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июндун экинчи жарымында жарыяланат.   Бул тууралуу novosti.kgге Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди. Анын айтымында, эгер абитуриенттер майда тест тапшырса, 20-июндарга чейин колдоруна жыйынтыгы менен сертификаттарды алып калышат. Эске салсак, учурда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө.… Кененирээк…

БШК жергиликтүү кеңештерин шайлоого даярдык көрүүдө

БШК жергиликтүү кеңештерин шайлоого даярдык көрүүдө. Комиссиядан билдиришкендей, 157 миң бюллетень даярдалып, шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.     Андан тышкары, бүгүн  добуш берүүгө укуктуу жарандардын акыркы тизмеси бүгүн жарыяланат. Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 10-апрелде Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаарларында жана 13 айыл аймагында өтөт.

Кыргызстанда быйыл электр энергиясына тарифтер өзгөрбөйт

Кыргызстанда быйыл электр энергиясына тарифтер өзгөрбөйт. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жарыялады. Анын айтымында, азыркы тарифтик саясат 2025-жылга чейин бекитилген.   Азырынча аны өзгөртүү пландары жок. Эске салсак, Кыргызстан калкы бир киловатт-саатка 77 тыйындан төлөйт. Айына 700 киловатт-сааттан ашык колдонулса, анда 2 сом 16… Кененирээк…

Төрөхан Жунусбеков Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп дайындалды

Активист Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.   Төрөхан Жунусбеков 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Бишкек шаарын башкара турганын жарыялаган, кийин мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаевди колдогон.   Андан кийин «Мегаком» компаниясынын… Кененирээк…

Бишкекте эртең көчөлөр убактылуу жабылат

Бишкекте эртең көчөлөр убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, веложарышка байланыштуу, эртең мененки саат 10дон 11ге чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн түштүк тарабы, Жеңиш паркынан Нуркамал көчөсүнө чейинки тилкеси чектелет.   Айдоочуларга абалды түшүнүү менен кабыл алып, башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жаралды

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бул жаан-чачын мол болуп, кар ээрип баштаганга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлгөндөн улам келип чыкты.   Андан улам, куткаруучулар жарандарды этият болууга чакырат.

Кыргызстан туристтик сезонго карата Казакстан чек арасын ачат деп ишенүүдө

Кыргызстан туристтик сезонго карата Казакстан чек арасын ачат деп ишенүүдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысынын орун басары Кыял Кенжематова билдирди.   Анын айтымында, коңшу мамлекетке чек ара түйүндөрүн ачуу боюнча бир нече жолу сунуш жөнөтүлгөн. Казак тарап жүйөө катары пандемия чараларын келтирүүдө. Бирок учурда бул… Кененирээк…

Кыргызстанда энергетикалык компанияларды бириктирүү боюнча процедура аягына чыгып калды

Кыргызстанда энергетикалык компанияларды бириктирүү боюнча процедура аягына чыгып калды. Улуттук энергохолдингден билдиришкендей, бөлүштүрүүчү компаниялардын бир бөлүгү “Улуттук электр тармактарына” кошулса, “Бишкек жылуулук тармактары “Электр станцияларга” бириктирилет.   Андан кийин административдик чыгашаларды кыскартуу жолу менен энерго компаниялардын чыгымдары оптимизацияланат.   Үнөмдөлгөн каражат электр жабдууларды оңдоого жана… Кененирээк…

Улуттук банктын валюта рыногуна кийлигишүү аракети натыйжа берген жок

Улуттук банктын валюта рыногуна кийлигишүү аракети натыйжа берген жок. Кыргызстанда доллар кескин арзандоосун улантууда. Жарым күндө эле ал дагы  2 сомго арзандады.    Учурда коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 79 сом 50 тыйынга сатып алып, кайра                       81 сом 50 тыйынга… Кененирээк…