WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучулар атайын менюнун ичинен ар бир билдирүүгө реакция калтыра алат. Аны ачуу үчүн оң бурчтагы курсорду басуу керек.   Жаңычылдык учурда айрым колдонуучуларда сыналып жатат, жакынкы арада ал бардыгына жеткиликтүү болот.

Акыйкатчы болуп Атыр Абдрахматова дайындалды

Акыйкатчы болуп Атыр Абдрахматова дайындалды. Анын талапкерлигине Жогорку Кеңештин 50 депутаты добуш берди. Жалпысынан, акыйкатчы институтун башкарууга 4 талапкер ат салышты.   Эске салсак, экс-акыйкатчы Токон Мамытов 2021-жылдын октябрында парламенттик шайлоого аттангандыктан, кызматын тапшырган.

Жогорку Кеңеш унаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш унаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу novosti.kgге парламенттин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Эске салсак, документти министрлер кабинети сунуштаган. Эгер ал кабыл алынса, каалоочулар 30 миңден 50 миң сомго чейин төлөп, унаасынын алдыңкы айнектерина тонировка чаптап алса болот.… Кененирээк…

Бишкектин борбордук бөлүгү эртең унаа кыймылына жабылат

Бишкектин борбордук бөлүгү эртең унаа кыймылына жабылат. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, эртең мененки саат 7ден түшкү 12ге чейин Чүй проспектисинин Орозбековдон Эркиндик бульварына чейинки тилкеси жана Эски аянттын Орозбеков-Эркиндик бөлүгү тосулат.   Бул Кыргызстандын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу.

Кыргызстан мектептерин быйыл 60 миңдей окуучу аяктайт

Кыргызстан мектептерин быйыл 60 миңдей окуучу аяктайт.  Бул былтыркы көрсөткүчкө эле теңелет, анын 45-47 миңге жакыны жалпы республикалык тестирлөөгө катышат деп күтүлүүдө, — деп Novosti.kgге Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Чынар Батраекеева билдирди.   Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 1 миң 500 автобусту насыяга алуу демилгесин жактырды

Жогорку Кеңеш Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 1 миң 500 автобусту насыяга алуу демилгесин жактырды.   Келишимге ылайык, Европа өнүктүрүү жана калыбына келтирүү банкы 33 миллион долларды 12 жылга берет.   Анын 25 миллиону насыя болсо, калганы кайтарымсыз негизде тапшырылат. Бишкек мэриясынын эсебине ылайык, ордо… Кененирээк…

Шанхайда чычкандар супермаркеттен 300 доллар уурдап кетишти

Шанхайда чычкандар супермаркеттен 300 доллар уурдап кетишти. Дүкөндүн кызматкерлери акчанын жетишсиздигин байкап, полицияга арыз жазышкан.   Жерине тартип сакчылар келип, кылмыш катталган жерди изилдеп, бурчтагы тешикти байкап калган. Белгилүү болгондой, чычкандар акчаны уурдап, үйүн жылуулоо максатында доллар купюраларын майдалап, алдына төшөп алышкан.

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы «NAVRUZ CUP 2022» эл аралык турнирине катышат

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы «NAVRUZ CUP 2022» эл аралык турнирине катышат. Беттештер 25-марттан 29-мартка чейин Наманган шаарында өтөт. Кыргызстандык футболчулардан тышкары, турнирде Өзбекстан, Тажикстан жана Уганда курамалары дагы  ойнойт.   Биринчиликтин эрежелери боюнча, командалар плей-офф форматында ойноп, жарым финалдык беттештер өткөрүлөт. Жеңүүчүлөр финалда жолугушат.

Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө маалымкаттарды эми калкты тейлөө борборлорунан алса болот

Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө маалымкаттарды эми калкты тейлөө борборлорунан алса болот. “Кадастр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жарандарга кыймылсыз мүлк объектисине укуктар жана чектөөлөр боюнча кагаздар, техникалык мүнөздөмөлөр жана башка бир катар маалымкаттар берилет.   Андан тышкары, QR-коддор дагы жеткиликтүү болуп калды.   Анын жардамы менен берилген маалымкаттардын… Кененирээк…

Ордо калаанын жаңы генералдык планы иштелип чыгат

Ордо калаанын жаңы генералдык планы иштелип чыгат. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, эми үйлөрдү шаар куруу документине ылайык гана курууга мүмкүн болот.   Калаа жетекчиси эске салгандай, Бишкектин ортосунан шамал өтүп турушу керек, бирок башаламан курулуштан улам, бул боюнча маселелер жаралууда.… Кененирээк…