Президент Ак калпак күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргыз элин Ак калпак күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.   «Кыргыз эли муундан-муунга өтүүчү тарыхый жана маданий мураска өтө бай. Ал улуттун руханий, экономикалык жана социалдык кенчи болуп саналат. Биздин ак калпагыбыз баш болгон улуттук кийим… Кененирээк…

Оштун борбордук паркында  “Ак калпак” инсталляциясы пайда болду

Оштун борбордук паркында  “Ак калпак” инсталляциясы пайда болду. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анын ачылышы бүгүнкү ак калпак күнүнө карата өткөрүлөт.   Инсталляциянын бийиктиги 4 метрге жетет. Ага Ош шаарынын бренди түшүрүлдү.

Украинадан бир миллиондон ашуун киши чыгып кетти

Россия басып кирген 24-февралдан 4-мартка чейин 1 млн. 200 миңден ашуун адам Украинадан сыртка чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун  Качкындар иштери боюнча агенттиги кабарлады.   Качкындардын көпчүлүк бөлүгүн Польшада жана Молдова кабыл алды. Мындан сырткары Румыния, Венгрия, Словакияга да көп тургундар чыгып кетишкен.… Кененирээк…

Россияда Фейсбук жабылды

Россияда Фейсбук жабылды. Роскомнадзор өзүнүн сайтында Фейсбук социалдык тармагын Россияда толугу менен бөгөттөп салганын жарыялады. Буга Фейсбук компаниясынын Россияга таандык 26 жалпыга маалымдоо каражаттарынын баракчаларын жапканы себеп болду.   Андан тышкары, Твиттерге дагы тыюу салынды.

Россиялык S7 Airlines авиакомпаниясы бардык каттамдарын токтотту

Россиялык S7 Airlines авиакомпаниясы бардык эл аралык каттамдарын, анын ичинде Кыргызстанга болгон учууларын токтотту. Бул тууралуу компаниянын телеграм-каналында кабарланды.   “Аткарылбай калган каттамдардын жүргүнчүлөрү авиакомпания кабарлама алышат. S7 Airlines авиакомпаниясынын бардык филиалдарында биздин адистер алар менен иш алып барууда. Алар туристтерге биздин өнөктөш-авиакомпаниялардын каттамдары аркылуу… Кененирээк…

Улуттук банк кезектеги ирет интервенция өткөрдү

Улуттук банк кезектеги ирет интервенция өткөрдү. Сомдун курсун туруктуу кармоо үчүн өлкөнүн башкы каржы мекемеси кечээ валюта рыногуна дагы   55 миллион доллар чыгарды.   Учурга карата интервенция натыйжасын бере элек. Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары долларды 96 сом 80 тыйынга сатып алып, кайра 98… Кененирээк…