“Сосновка” көзөмөл өткөрүү түйүнү кыймылга ачылды
“Сосновка” көзөмөл өткөрүү түйүнү кыймылга ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда андан унаанын бардык түрү эч тоскоолдуксуз өтүп жатат. Эске салсак, бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунун Жайыл районуна тиешелүү тилкесине кар көчкү түшкөн. Андан улам, түйүн убактылуу жабылган.