Министрлер кабинети Кыргызстандын экономикасын турукташтыруу боюнча план иштеп чыкты

Министрлер кабинети Кыргызстандын экономикасын турукташтыруу боюнча план иштеп чыкты. Экономика министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, кризиске каршы иш-чараларга бюджеттен 5,5 миллиард сом бөлүнөт. Ал белгилегендей, ички валюта рыногундагы кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөт. Мындан тышкары бийлик калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону, азык-түлүктүн кескин кымбатташына жол бербөөнү, ошондой… Кененирээк…

Өлкөдө сом бардык негизги валюталарга карата арзандады

Өлкөдө сом бардык негизги валюталарга карата арзандады. Улуттук банк 12-марттан тарта доллардын сомго карата расмий курсун 104 сом 98 тыйын деп белгиледи. Бир сутка ичинде АКШ доллары 1,8 пайызга кымбаттады. Валюта курсунун жогорулашы, ошого жараша сомдун арзандашы башка негизги чет элдик валюталарда да болду. Ошентип,… Кененирээк…

Бишкектин батыш тарабында 15-мартта таза суу болбойт

Бишкектин батыш тарабында 15-мартта таза суу болбойт. “Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Абакан, Кустанай, Волковая көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймак суусуз калат. Таза суу «Киркомстром» суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо иштерге байланыштуу өчүрүлөт.

Ушул күндөрү айдоочуларга рулда өтө этият болуу сунушталат

Ушул күндөрү айдоочуларга рулда өтө этият болуу сунушталат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, айрыкча, тоолуу райондорго сапарга чыкчулар сак болуусу керек. Ведомстводон белгилешкендей, 15-мартка чейин Бишкек — ​​Ош, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная-Горка — Ак-Таш, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Казарман — Актал-Чат жана Каракол — Эңилчек… Кененирээк…

Бирдиктүү салык декларациясын 130 миңден ашык салык төлөөчү тапшырды

Бирдиктүү салык декларациясын 130 миңден ашык салык төлөөчү тапшырды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, буга юридикалык жактар ​​дагы, жеке жактар ​​дагы кирет. Ал эми 1-апрель жеке жактар ​​үчүн декларация тапшыруунун акыркы мөөнөтү. Былтыркы жылдагы кирешелери жөнүндө отчетторду мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, ошондой эле дыйкан жана фермердик… Кененирээк…

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого республикалык бюджеттен 322 миллион сом бөлүндү

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого республикалык бюджеттен 322 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Эске салсак, өлкөдө эл жана турак-жай фондун каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин өтөт. Ал үчүн республика боюнча дээрлик 28 миң адам ишке тартылат. Каттоо жүргүзүү калктын так… Кененирээк…

Эльвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырылды

Бишкектеги кайра шайлоодо Биринчи май округу боюнча жеңишке жетишкен Эльвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырылды. Боршайкомдон билдиришкендей, 27-февралда өткөн шайлоодо Свердлов округунан жеңүүчү аныктала элек. Аталган аймактан биринчи орунду алган Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосу добуш сатып алуу фактысы боюнча жокко чыккан. Талапкер БШКнын чечимин сотко берген.

Өтмөктө жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Өтмөктө жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кече Таластагы Өтмөк ашуусунда аба ырайына байланыштуу машиналардын тыгыны пайда болду. Учурда кыймыл жеңил машиналар үчүн гана ачык. Мындай чектөө кайсы убакытка чейин болору азырынча белгисиз.

Кыргызстанда эртеңден тарта милдеттүү беткап кийүү талабы жоюлат

Кыргызстанда эртеңден тарта милдеттүү беткап кийүү талабы жоюлат. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, мындай чечим медициналык мекемелер жана коомдук транспортторго тиешелүү болбойт. Бирок жарандарга COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында эл көп чогулган жерлерде, ири соода борборлорунда, базарларда, массалык иш-чаралар учурунда ыктыярдуу түрдө беткап… Кененирээк…

Сузакта өсүмдүк майын өндүргөн жалгыз ири ишкана кайрадан иштей баштады

Сузакта өсүмдүк майын өндүргөн жалгыз ири ишкана кайрадан иштей баштады. Novosti.kgге район акими Баратбек Сыдыкназаров билдиргендей, керектелүүчү сырье Россия жана Казакстандан алып келинип, өндүрүлгөн май Жалал-Абад жана Ош облустарына сатылууда. Жеке ишкер иштете баштаган заводдо 72 жаңы иш оруну түзүлүп, азырынча күнүнө 30 тонна май… Кененирээк…