Кыргызстандын дыйкандары күйүүчү-майлоочу май менен керектүү көлөмдүн 72 пайызына камсыз болду

Кыргызстандын дыйкандары күйүүчү-майлоочу май менен керектүү көлөмдүн 72 пайызына камсыз болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель майы жана 9 миң тонна бензин керектелет. Министрлик күйүүчү-майлоочу майдын жетишпеген бөлүгүн толтуруу үчүн 2022-жылга бөлүнгөн квотаны… Кененирээк…

Апрелде социалдык кызматкерлердин айлыгынын жогорулашы күтүлүүдө

Апрелде социалдык кызматкерлердин айлыгынын жогорулашы күтүлүүдө. Министрлер кабинетинде республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча маселелер талкууланды. Анда белгиленгендей, ушул жылдын апрель айында социалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, ошондой эле жакынкы айларда айрым социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүү күтүлүүдө.

Кыргызстандын дыйкандары буудай жана арпанын үрөнү менен 70 пайызга камсыз болду

Кыргызстандын дыйкандары буудай жана арпанын үрөнү менен 70 пайызга камсыз болду. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл айыл-чарбада 24 миң тонна буудай, 42 миң тонна арпага муктаждык бар. Иш жүзүндө учурда буудайдын үрөнү 68 пайызга, арпа 73 пайызга даяр. Үрөндүн… Кененирээк…

Министрлер кабинети 1 миллиард сом уставдык капиталы менен Туризмди өнүктүрүү фондун түзүү чечимин бекитти

Министрлер кабинети 1 миллиард сом уставдык капиталы менен Туризмди өнүктүрүү фондун түзүү чечимин бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 10дон ашык маселе каралган жыйында “Манас” театрынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу чечимдер кабыл алынып, уставдык капиталы 1 миллиард сом болгон “Туризмди өнүктүрүү фондун” түзүү чечими жактырылды.

Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы жок

Кыргызстанда азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгү боюнча кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, өлкөдө бүгүнкү күндө жалпы көлөмү 20 миң тоннага жакын кумшекер бар, бул калк үчүн 2,5 айга жетет, — деди министр. Ал белгилегендей, өсүмдүк майынын запасы 3 айга жетиштүү.… Кененирээк…

Лас-Вегаста Майкл Жексон ижарага жашаган особняк сатыкка коюлду

Лас-Вегаста Майкл Жексон ижарага жашаган особняк сатыкка коюлду. Мүлктүн баасы 9,5 миллион долларды түзөт. Жексон үйдү 2006-жылы ижарага алып, анда бир жыл жашаган. Жаңы ээсинин карамагында эки миң чарчы метрден ашык болот. Анда жайкы ашкана, веранда, теннис корту, бассейн жана курорттук аянтча менен жабдылган.

Түштүк Кореянын кафелеринде бөлмөнү дезинфекциялоочу “акылдуу” аппараттар пайда болду

Түштүк Кореянын кафелеринде бөлмөнү дезинфекциялоочу “акылдуу” аппараттар пайда болду. Ноу-хау машина куруу институтунда ойлоп табылды. Толук заряддалганда робот 4 саат бою тынымсыз иштеп, эс алуучулар отурган жерлерди гана дезинфекциялай алат. Адамдары таанууга техникага орнотулган жана имараттын ичиндеги камералар мүмкүндүк берет. Аппарат видео маалыматтарынын негизинде маршрутту… Кененирээк…

Россияда Instagram жабылат

Россияда Instagram жабылат. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, социалдык тармак аталган өлкөдө 14-марттан тарта толугу менен бөгөттөлөт. Бийлик мунун себебин Украинадагы абалдан улам орус аскерлерине карата зомбулукка үндөгөн чакырыктар менен байланыштырууда. Буга чейин Facebook менен Twitter түйүндөрүнө чектөө киргизилген.

Өлкөнүн негизги жолдору унаа кыймылы үчүн ачык

Өлкөнүн негизги жолдору унаа кыймылы үчүн ачык. Бирок Унаа жана жолдор министрлиги туруксуз аба-ырайынан улам Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жана Чапчыма ашууларына оор жүк ташыган айдоочуларды жолго чыкпай турууга чакырат. Ал эми жеңил машине ээлери бул маршруттар боюнча унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоосу… Кененирээк…

Украинадан эвакуацияланган кыргызстандыктар Бишкекке учуп келди

Украинадан эвакуацияланган кыргызстандыктар Бишкекке учуп келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, кечээ түнкү саат 11.45те чартердик рейс менен Украинанын аймагынан Польшага кирген 72 жаран, алардын ичинде балдар жана аялдар мекенге келишти. Жалпысынан аталган өлкөдөн Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо мезгилинен бери 635 киши коопсуз аймактарга жайгаштырылды. Ал… Кененирээк…