Килиан Мбаппени эми футбол сүйүүчүлөрү “Реал Мадридде” көрүшү ыктымал

Франциянын футбол жылдызы Килиан Мбаппени эми футбол сүйүүчүлөрү “Реал Мадридде” көрүшү ыктымал. Инсайдерлер маалымдагандай, чабуулчу аталган клуб менен келишим түздү.   Анын трансфери ушул жайда болот деп күтүлүүдө.   ПСЖ жылдыздуу оюнчусун алып калуу үчүн жылына 100 миллион еврого чейин сунуштады. Бирок Килиан Мбаппе бала… Кененирээк…

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери жасалма документтерди берүү фактысына университеттерди текшерүүдө

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери жасалма документтерди берүү фактысына университеттерди текшерүүдө.   Учурда атайын кызматтын өкүлдөрү Бишкек, Ош, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көлдөгү жогорку окуу жайларды текшерип жатат.   Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргызстанда 90дон ашык чиновник жасалма диплом алгандыгына шектелип жаткандыгы жарыяланган. Алардын арасында Жогорку Кеңештин… Кененирээк…

Мамлекеттик карызды тейлөөгө мартта 3 миллиард 870 миллион сом каралды

Мамлекеттик карызды тейлөөгө мартта 3 миллиард 870 миллион сом каралды. “Акчабар” агенттиги Каржы министрлигине шилтеме келтирип маалымдагандай, бул февраль айындагы суммага салыштырмалуу 1,5 миллиард сомго көп.   Бул кытайлык банкка тышкы карызды төлөө графигине байланыштуу, — дешти министрликтен.

Жалал-Абаддын Нооруз сейил багына 100 түп эмен багы отургузулду

Жалал-Абаддын Нооруз сейил багына 100 түп эмен багы отургузулду.   Калаа мэриясынан билдиришкендей, эми көчөттөр Токтогул жана Жеңиш парктарына тигилет. Белгилеп кетсек, быйыл Жалал-Абад шаарында  жалпысынан 500 даана эмен багын отургузуу пландалууда.

Садыр Жапаровго 21 өлкөнүн элчиси ишеним грамота тапшырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.   Салтанаттуу азем чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчылары жана ардак кароолдун учурашуусу менен башталган. Мамлекет башчыга ишеним грамотаны 21 өлкөнүн элчиси тапшырган:… Кененирээк…

АКШ тургуну акча табуунун өзгөчө ыкмасын тапты

АКШ тургуну акча табуунун өзгөчө ыкмасын тапты. Аял ити тарткан сүрөттөрдү сатып келет. Ал үй жаныбары искусствого тартылганын байкап, аны туура жолго салууга бардык аракетин жумшаган. Ит 7 жылдан бери сүрөтчү болуп, 100дөн ашык картина тартты.   Ал эми ээси 19 миң доллар киреше көрдү.

Жалпы республикалык тестирлөөдө предметтик тесттер абитуриенттерге чоң артыкчылык берет

Жалпы республикалык тестирлөөдө предметтик тесттер абитуриенттерге чоң артыкчылык берет.   Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдиргендей, эгер сынакка катышкан бүтүрүүчүлөрдүн окууга тапшырууда босого упайлары бирдей болуп калса, бирок бирөөсү предметтик тесттерди дагы тапшырса, анда артыкчылык ага берилет.   Эске салсак,… Кененирээк…

Улуттук госпиталда травматология бөлүмү ачылды

Улуттук госпиталда травматология бөлүмү ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал 350 бейтапка чакталган.   Эске салсак,  4-февралда Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөн.   Анда директор кызматы жоюлуп, оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 1 миң тонна кумшекер жана 500 литр суу майды брондоп коет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 1 миң тонна кумшекер жана 500 литр суу майды брондоп коет.   Бул  аталган азыктарга Кыргызстанда  суроо-талап кескин өскөндүгүнө байланыштуу, — деди ведомство жетекчиси Бообек Ажикеев. Анын пикиринде, калк арасында ызы-чуу жаралгандыктан, жетишсиздик дагы катталууда.   Тынсызданууга себеп… Кененирээк…

Бишкек мэриясында 584 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Былтыр Бишкек мэриясында 584 миллион 318 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталып, анын 62 миллион 951 миң сому гана кайра калыбына келтирилген. Бул тууралуу 15-мартта Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров вице-мэрлер, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде белгилүү болду.   Кайсы мекемелерде каржылык мыйзам… Кененирээк…