Ошто таза суу берүү жанданды

Ошто таза суу берүү жанданды. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. “Ошсууканал” ишканасы буга чейин оңдоо иштерин жүргүздү.   Эске салсак, түндө нөшөрлөгөн жаандан улам “Туран”, “Юго-Восток”, “ХБК” кичи райондорунда жана борбордук көчөлөрдө таза суу өчүрүлгөн.

“Барселона” футбол клубу “Спотифай”  менен кызматташуусун баштады

“Барселона” футбол клубу “Спотифай”  менен кызматташуусун баштады. Швециялык музыкалык жана стриминг сервиси кийинки сезондон тарта клубдун титулдук демөөрчүсү болот. “Спотифайдын” логотиби футболчулардын формасына түшүрүлөт.   Андан тышкары, клубдун башкы стадионунун аталышы “Спотифай Камп Ноу” деп өзгөртүлөт. Бул кызматташуудан “Барселона” 300 миллион евро табат.

Бишкектин айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Пархоменко, Муса Жалил, Садовая, Салиева, Кийизбаев, Лев Толстой, Садыгалиев, Токтогул, Шота Руставели көчөлөрүндө, Керемет, Эркин-Эл, Салтанат жаңы конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырат

Жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырат.   Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, бул үчүн salyk.kg сайтында маалымат системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү/калыбына келтирүү жөнүндө арыздын бланкын толтуруп, аны басып чыгарып, катталган жери боюнча салык органына бериш керек. “Жеке кабинетке” кирүүгө мүмкүнчүлүгүн алуу менен декларация, отчетторду… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар акырындап арзандоо багытын алды

Кыргызстанда доллар акырындап арзандоо багытын алды. Бир катар коммерциялык банктардагы америкалык валютанын куну 105 сомго түштү. Бүгүн эртең менен эле долларды сатып алуу – 104 сом, сатуу – 106 сом 50 тыйын болсо, учурда сатуу 102 сом, сатуу 105 сомго теңелди.   Белгилеп кетсек, Россия-Украина… Кененирээк…

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, өзгөчө коомдук транспорттун ичинде этият болуу керек.   Соңку күндөрү маршруттук таксилерде жана автобустарда жеке буюмдарды  уурдоо фактылары көбөйүүдө. Милициядан белгилешкендей, телефон, капчык жана башка баалуу бумдарды сырткы чөнтөктөргө салбаш керек.

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмеси даярдалды

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмеси даярдалды. БШКнын маалыматына ылайык, тизме бардык шайлоо тилкелерине илинет. 25-мартка чейин алардан жарандар өздөрүн тактап алышы керек.   Ал үчүн tizme.gov.kg сайты, 1255 жана 119 кыска номерлери жеткиликтүү же тилкеге келип текшерсе болот.   Эске салсак, 10-апрелде шайлоо… Кененирээк…

Баткен облусундагы Исфана шаары Раззаков деп өзгөртүлөт

Баткен облусундагы Исфана шаары Раззаков деп өзгөртүлөт. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин профилдик комитети 3 окууда жактырды. Буга чейин жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.   Бул демилге Исфана шаарынын тургундары, шаардык кеңеш депутаттары жана Лейлек райондук администрациясы тарабынан дагы колдоо тапкан.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Жалал-Абаддын Чаткал районунда нөшөрлөгөн жаандан кийин 74 турак-жайды суу каптады

Жалал-Абаддын Чаткал районунда нөшөрлөгөн жаандан кийин 74 турак-жайды суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркаган үйлөр Жаңы-Базар, Курулуш жана Кара-Ой айылдарында катталды.   Ал эми бир үй толугу менен жараксыз абалга келди. Дагы 11 турак-жай суу каптоо коркунучу алдында турат. Жерине куткаруучулар жана Жарандык… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттайт

Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттайт. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын башчысы Кенешбай Тайлаков парламентте билдирди.   Анын айтымында, учурда күйүүчү май Россиядан жогорку баа менен сатып алынууда. Бүгүнкү күндө бензиндин 14 күндүк, дизелдик майдын эки айлык запасы бар. Келишимдер доллар менен түзүлгөндүктөн,… Кененирээк…