Кыргызстандыктарды алдыда 3 күндүк эс алуу күтүп турат

Кыргызстандыктарды алдыда 3 күндүк эс алуу күтүп турат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен эске салышкандай, 19-20-мартта ишемби жана жекшемби – мыйзамдуу эс алуу.   Ал эми 21-март, Нооруз майрамы дүйшөмбүгө туура келгендиктен, дем алыш жарыяланат. Ошондо 5 күндүк график менен иштегендер жумушка 22-март, шейшембиде гана… Кененирээк…

Бишкекте нан үчүн атайын таштанды челектери пайда болду

Бишкекте нан үчүн атайын таштанды челектери пайда болду. Мэриянын маалыматына ылайык, мындай демилге шаар тургундарына таштандыны сорттоо адатын киргизүүнү каалаган жаш активисттерге таандык.   Чогулган нанды алар өздөрү алып кеткендиктен, “Тазалыктын” ишин дагы жеңилдетет.

Кара-Сууда “Унаа” мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө бөлүмү ачылды

Кара-Сууда “Унаа” мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө бөлүмү ачылды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, аймактык сектор “бирдиктүү терезе” системасы менен иштейт.   Бул жерден айдоочу күбөлүктөрүн, мамлекеттик унаа номерлерин алуу, транспорт каражатын каттоо жана кайра каттоо кызматтары көрсөтүлөт. Бөлүм автоматташкан система менен иштейт.

Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларында дээрлик 32 миң чет элдик студент билим алат

Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларында дээрлик 32 миң чет элдик студент билим алат.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, алардын басымдуусу жеке университеттерде окуйт.   Биздин өлкөнүн окуу жайларын көбүнчө Индия жана Пакистандын студенттери тандайт. Андан тышкары, Өзбекстан, Россия, Казакстан, Тажикстан жана башка мамлекеттерден келгендер дагы… Кененирээк…

Ысык-Атада 3 миллион сомдук 9 жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернационал айыл өкмөтү тарабынан 9 жер тилкеси жарандарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.   «Прокуратура тарабынан 9 жер тилкеси боюнча берилген менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар келтирилип,… Кененирээк…

Доллардын баасы дагы төмөндөдү

Бүгүн, 17-мартта саат 17:15ке карата доллардын баасы дагы арзандады.   Өлкөнүн коммерциялык банктарында АКШ валютасын сатып алуу 94-96 сомго чейин, сатуу 97-99 сомго чейин болууда. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда долларды 94 сом 63 тыйындан сатып алса, сатуу 97 сом 63 тыйынды түздү. Улуттук банктын… Кененирээк…

Өкмөт басып алынган 120 миң жер тилкеге документ берүү мыйзамын алып чыкты

Министрлер кабинети Кыргызстанда басып алып турак жай куруп алган 30 миң гектар жерди документтештирүү мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Демилге парламентте экинчи окууда каралды. Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, мунапыс мыйзамына сунушталган 30 гектар жерге 105 миң турак жай, 16 миңге чукул фундамент… Кененирээк…

Ошто 8 социалдык дүкөн ачылат

Ошто 8 социалдык дүкөн ачылат. Бул тууралуу түштүк калаанын мэри Алмаз Мамбетов биодирди. Анын айтымында, соода аянттары экиге бөлүнүп, биринде эт, экинчисинде башка керектүү азыктар сатылат.   Социалдык дүкөндөрдө товар базар баасынан 10-15 пайызга арзан сатылышы керек. Анткени, фермер-дыйкандар менен түздөн-түз келишим жетишилет. Мэр белгилегендей,… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын куну түшүп жатканы менен мурдагы калыбына, тагыраагы, 84 сомдук позицияга кайтып келбейт

Кыргызстанда доллардын куну түшүп жатканы менен мурдагы калыбына, тагыраагы, 84 сомдук позицияга кайтып келбейт. Бул тууралуу Novosti.kgге экономист Элдар Абакиров билдирди.   Анын айтымында, мындан ары серпилүү    2-3 сомго гана айырмаланышы мүмкүн. Кайрадан жогорулап кетүү ыктымалдуулугу дагы бар. Эске салсак, бир катар коммерциялык банктарда… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында 22-мартта таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 22-мартта таза суу өчүрүлөт. “Бишкек суу каналы” ишканасынын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан 3кө чейин суу 7-апрель, Анкара, Октябрь, Менделеев көчөлөрүн жана темир жол линиясын бириктирген аймакта өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр суу дарбазасындагы оңдоо иштерине байланыштуу.