Калкты каттоого даярдыктар дээрлик аягына чыгып калды

Калкты каттоого даярдыктар дээрлик аягына чыгып калды. Бизге Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, эртең каттоону жүргүзө турган операторлорду окутуунун акыркы этабы старт алат. Кийинки жумада чалуу борборлорунун номерлери жарыяланат.   Ага жарандар калкты каттоо процесси боюнча суроолору менен кайрылат алат. Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай… Кененирээк…

Кыргызстанга кирүүдө кайсы документтер талап кылына турганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен айтып беришти

Кыргызстанга кирүүдө кайсы документтер талап кылына турганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен айтып беришти.   24 агенттигинин маалыматына ылайык, рейске катталууда жарандар жана чет элдиктер 3 күндүн ичинде жасалган ПЦР-тесттин оң жыйынтыгын же вакцина алгандыгын тастыктаган документ көрсөтүшү керек.   Бул талап 12 жашка чейинки балдарга тиешелүү… Кененирээк…

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыгы  1-2 айда белгилүү болот

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыгы  1-2 айда белгилүү болот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.   Анын айтымында, эл каттоонун биринчи жыйынтыгы май айларында алынып баштайт, бирок расмий акыркы жыйынтыкты чыгарууга 1 жылдан ашык убакыт талап… Кененирээк…

Өлкөнүн банк системасында туруктуулук сакталууда

Өлкөнүн банк системасында туруктуулук сакталууда. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, бул үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат.   Салым жасагандар жана насыя алгандар үчүн эч кандай коркунучтар жок. Учурда банктардын эсебинде аманат салымдары катары  200 миллиард сом бар. Каражат ишенимдүү… Кененирээк…

Министрлер кабинети өз билемдикке салып үй курулган 30 миң гектар жерди мыйзамдаштыруу ниетинде

Министрлер кабинети өз билемдикке салып үй курулган 30 миң гектар жерди мыйзамдаштыруу ниетинде. Айыл-чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, амнистия үйлөр, пайдубалдар тургузулган тилкелерге жана дача чарбачылыгына арналган жерлерге берилет.   Ордо калаанын жаңы конуштарында 6 миңден ашык үй курулса, анын 3,5 миңин мыйзамдаштырууга… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуунун шарттары өзгөрүүсүз калды

Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуунун шарттары өзгөрүүсүз калды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдиргендей, абитуриенттер жанында паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен келиши керек.   Эки учурда тең документтердин көчүрмөсү эмес, түп нускасы талап кылынат.   Андан тышкары, бүтүрүүчүлөр окуган мектебинен маалымкат… Кененирээк…

Финляндия 5 жолу катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп аталды

Финляндия 5 жолу катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп аталды. Биринчи ондукка ошондой эле Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланды, Люксембург, Швеция, Норвегия, Израиль жана Жаңы Зеландия кирди.   Ал эми эң эле бактысыз мамлекеттер деп Ливан жана Афганистан аталды. Жалпысынан эксперттер 146 өлкөнү баалады.  … Кененирээк…

Кыргызстанга Туркиядан дары-дармек жана медициналык буюмдар жеткирилет

Кыргызстанга Туркиядан дары-дармек жана медициналык буюмдар жеткирилет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мындай макулдашуу эки өлкө ортосунда жетишилди.   Ведомстводон белгилешкендей, Түркиядан препараттарды жеткирүү менен өлкөдө дары-дармектин жетишсиздигин алдын алуу мүмкүн болот. Өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык препараттарды жана жабдууларды алып келүү процессин жеңилдетүүгө… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап жатат

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап жатат. Учурга карата анын куну   100 сомго жетейин деп калды. Ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 97 сом 10 тыйынга сатып алып, кайра 100 сомго сатышууда.   Эске салсак, соңку 2 күндө Кыргызстанда доллардын курсу арзандап, 93-94 сомго түшүп калган.… Кененирээк…

Чаткалда сел, көчкү жүрүп бир айыл жарыксыз калды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда сел, кар көчкү жүрүп 300дөй түтүн жашаган Ак-Таш айылы бир аптадан бери жарыксыз отурат. Бул тууралуу Чаткал айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбек Абдыкалыков «Азаттык» радиосуна кабарлады. Анын айтымында, көчкү төрт сарайды басып, электр мамыларын бузуп, бир автоунаа кар астында калды. «Айылдын четтеринде… Кененирээк…