Нооруз майрамында коомдук коопсуздукту 6 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт
Нооруз майрамында коомдук коопсуздукту 6 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда маданий иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө коомдук тартипти, элдин коопсуздугун камсыздоого, маанилүү объектилерди коргоого, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюуга багытталган алдын алуу чаралары жүргүзүлүүдө.