Садыр Жапаров Баткендеги чек ара маселесин кийинки муунга калтырбоону убадалады

Садыр Жапаров Баткендеги чек ара маселесин кийинки муундарга калтырбоону убадалады. Президент көйгөйдү чече турганын Баткен облусундагы Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чарада сүйлөп жатып айтты. Дал ушул максатта Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгардык, бул аймакты өнүктүрүүнү күн тартибиндеги башкы маселеге айланттык. Анын алкагында конкреттүү программа иштелип… Кененирээк…

Мындан 50 жыл мурун ушул күнү Бишкекте эң суук күн катталган

Мындан 50 жыл мурун ушул күнү Бишкекте эң суук күн катталган. “Аба ырайы жана климат” ресурсунун маалыматына ылайык, 1972-жылдын 21-мартында борбор калаада дээрлик минус 13 градус суук катталган. Ал кездеги Фрунзеде эң ысык күн 1971-жылдын 21-мартында болуп, температура +26 градусту көрсөткөн.

Нооруз майрамына карата негизги салтанаттуу иш-чаралар быйыл Баткенде өтүүдө

Нооруз майрамына карата негизги салтанаттуу иш-чаралар быйыл Баткенде өтүүдө. Шаардык борбордук стадионунда уюштурулган майрамга Кыргызстандын ар бир облусунан келген өкүлдөр жана жергиликтүү эл менен кошо президент Садыр Жапаров да катышууда. Өлкө башчы аймактык кол өнөрчүлөр жасаган буюмдардын көргөзмөсү менен таанышып, майрамдык концертке күбө болууда. Белгилеп… Кененирээк…

Нооруз майрамына байланыштуу өлкөдө коомдук коопсуздукту 6 миңден ашык милиция камсыздап жатат

Нооруз майрамына байланыштуу өлкөдө коомдук коопсуздукту 6 миңден ашык милиция кызматкери камсыздап жатат. Ички иштер министрлиги коопсуздук чараларын күчөткөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чаралар өтүүчү жерлерде коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулат. Маанилүү объекттер коргоого алынат.

“Сосновка” түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөө алынды

Бишкек-Ош жолунун “Сосновка” түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөө алынды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Бирок оор жүк ташыгандарды аба ырайынын туруксуздугуна жана кар көчкү түшүү ыктымалдыгына байланыштуу Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашууларга баруудан карманууну суранабыз, — деп айтылат маалыматта.

Жер көчкү коркунучунан улам Оштун Кара-Суу районундагы 15 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү

Жер көчкү коркунучунан улам Оштун Учкун айылынын тургундары коопсуз жерге көчүрүлдү. Novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигиниин аймактык өкүлчүлүгүнөн билдиришкенедей, Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылдык өкмөтүндөгү 15 үй-бүлө учурда атайын чатырларда жашап жатат. Белгилеп кетсек, аймакта жер көчкү 2003-2004-жылдары эле пайда болгон жана ар дайым көзөмөлдөнүп келет.

Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал режими күчүндө

Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Бул тууралуу бизге калаа башчысы Эрнис Ормоков билдирди. Эске салсак, 17-мартта тынбай жааган жамгырдан улам Көк-Арт дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Живпром участогунда жайгашкан дамбаны жеп кетүү коркунучу пайда болгон. Натыйжада дээрлик 600гө жакын үйгө жана 11 мекеме-ишканага кооптуу абал жаралган.… Кененирээк…