Бишкектеги №47 колония бузулуп, соттолгондор башка абактарга которулат

Бишкектин четинде жайгашкан № 47 колония толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасалган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык башка атайын мекемелерге которулат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматына таянып «Азаттык» жазды. Маалыматка караганда, 23-мартта атайын жыйын болуп, анда эскирген мекемени жоюу маселеси каралды. Анда… Кененирээк…

«Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушуна даярдыктар башталды

«Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушуна даярдыктар башталды. “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, учурда жер казуу, шагыл толтуруу, темир-бетон төшөө жана дренаждык жумуштар жүрүп жатат. Бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кечеден көмүр ташууга эң арзан жол,… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң таланттуу жаш футболчулар аталды

Дүйнөдөгү эң таланттуу жаш футболчулар аталды. Рейтингге 2003-жылдын 1-январында же андан кийин төрөлгөн оюнчулар кирет. Ошентип, биринчи орунда — Англиянын жарым коргоочусу Джуд Беллингем турат. Германиялык жарым коргоочу Флориан Виртц экинчи орунда. Ал эми үчтүктү Испания курама командасынын жарым коргоочусу Гави жапты. Алдыңкы бештикке немис… Кененирээк…

Эртең ордо калаанын айрым аймактарында суу болбойт

Эртең ордо калаанын айрым аймактарында суу болбойт. Мэриянын маалыматына караганда, саат 9дан 4кө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда жана темир жол линиясында өчүрүүлөр болот. Ошондой эле “Алтын-Ордо”, “Кара-Жыгач” жана “Полиция шаарчасы” конуштарында таза суу өчүрүлөт. Суу менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашы оңдоо иштерине… Кененирээк…

Кыргызстан мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча атайын холдингдерди түзүүнү көздөөдө

Кыргызстан мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча атайын холдингдерди түзүүнү көздөөдө. Токтомдун долбоорун Экономика министрлиги даярдады. Ведомство белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекет 50дөн ашык объектиде акционер катары иш алып барган эң ири менчик ээси бойдон калууда. Бирок, мамлекеттик ишканалар өнүкпөй, эффективдүү башкаруунун негизги маселелери чечилбей келет. Андыктан Экономика… Кененирээк…

Улуттук статистикалык комитет алдыдагы эл жана турак жай фондун каттоого толук даяр

Улуттук статистикалык комитет алдыдагы эл жана турак жай фондун каттоого толук даяр. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Анын айтымында, ишке 28 миңге жакын кызматкер кабыл алынып, семинарлар өткөрүлүп, бардык каржы маселелери чечилген. Мындан тышкары, пандемия шартында эл каттоону жүргүзүүнүн алгоритми иштелип чыкты.… Кененирээк…

Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салык 2024-жылдын 31-декабрына чейин алып салынды

Кыргызстанда айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салык 2024-жылдын 31-декабрына чейин алып салынды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындан тышкары Кыргызстанга алынып келинген жана импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгынын ставкасы жокко чыгарылды. Бул чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана… Кененирээк…

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын олимпиадасынын республикалык этабы башталды

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын олимпиадасынын республикалык этабы башталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ага облустук этапта алдыңкы орундарды ээлеген 324 окуучу катышууда. Олимпиада кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география жана тарых сабактары боюнча өтөт. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Улуттук банк жаңы банктар үчүн капиталга талаптарды жогорулатат

Улуттук банк жаңы банктар үчүн капиталга талаптарды жогорулатат. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, жаңы жана иштеп жаткан банктар үчүн уставдык жана өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды этап менен жогорулатуу маселеси каралууда. Өзгөртүүлөр чет элдик банктардын филиалдарына да таасирин тийгизерит. Капиталдын минималдуу өлчөмүн болжолдуу 1… Кененирээк…

Улуттук госпиталдын травматология бөлүмү бейтаптарды 1-апрелден тарта кабыл ала баштайт

Улуттук госпиталдын травматология бөлүмү бейтаптарды 1-апрелден тарта кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңыдан оңдолгон имарат медицинанын заманбап талаптарына жооп берет. Белгилеп кетсек, 15-мартта имаратты оңдоо иштери бүтө электе эле саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев салтанаттуу түрдө ачкан