Ысык-Көлдө 17 миңден ашык үй-бүлөгө акысыз ун таратылат

Ысык-Көл облусунда калктын аялуу катмарына кирген 17 миң 425 үй-бүлөгө акысыз ун таратылат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчулүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы 871,25 тонна ун акысыз таратылат. Гуманитардык жардам Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнүүдө. Учурда Балыкчы шаарында 164,30 тонна жана Тоң… Кененирээк…

Эшли Барти карьерасын аяктаганын жарыялады

Дүйнөдөгү теннисчилердин рейтингин жетектеп келе жаткан австралиялык Эшли Барти карьерасын аяктаганын жарыялады. Спортчунун айтымында, ал жөн гана кадимки жашоону каалайт. Эске салсак, Эшли Барти 25 жашта. Ал үч чоң шлем турниринин жеңүүчүсү жана 1978-жылдан бери Австралиянын ачык чемпионатын жеңген биринчи австралиялык теннисчи.

Бишкек шаардык мэриясында “Көчө жана жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун үчүнчү фазасын ишке ашыруу маселеси талкууланды

Бишкек шаардык мэриясында “Көчө жана жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун үчүнчү фазасын ишке ашыруу маселеси талкууланды. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, ал үч жол өтүүчү жана көпүрөнү курууну камтыйт. Муну менен тыгын маселеси жөнго салынары айтылууда. Курулуш иштери Кытай грантынын эсебинен жүргүзүлөт.

Коммерциялык эмес уюмдар 1-апрелге чейин каржылоо булактарын ачыкка чыгарышы керек

Коммерциялык эмес уюмдар 1-апрелге чейин каржылоо булактарын ачыкка чыгарышы керек. Экономика министрлигинен билдиришкендей, алардан ошондой эле алынган мүлктөр жана акча каякка жөнөтүлгөнү тууралуу так маалымат талап кылынат. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алганын ведомстводон белгилешти.

Кыргызстанда 1-апрелден тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлбөйт

Кыргызстанда 1-апрелден тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлбөйт. Тагыраагы, айлыктын жогорулашы коопсуздук күчтөрүнө тиешелүү болбойт. Мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият жана илим кызматкерлеринин маянасы келерки айдан тарта көтөрүлөрүн министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди. Маалыматка ылайык, бул 300 миңден ашык адамга тиешелүү болот. Жапаров белгилегендей, учурда салык… Кененирээк…

Glamour журналынын редакторлору бул жазда эң модалуу чач түсүн атады

Glamour журналынын редакторлору бул жазда эң модалуу чач түсүн атады. Эксперттердин пикири боюнча, бул кулпунай каштаны болот, башкача айтканда, кызгылт түстөрдүн аралашмасынын айкалышы. Бул боёктун артыкчылыгы — табигый түстүн кескин өзгөрүшүн билдирбейт, анткени чач тарачтар, эреже катары, кээ бир жерлерди гана боёшот. Басылманын белгилешинче, кызгылт… Кененирээк…

Өлкөнүн тышкы мамлекеттик карызы боюнча төлөмдөр 6 миллиард сомго көбөйөт

Өлкөнүн тышкы мамлекеттик карызы боюнча төлөмдөр 6 миллиард сомго көбөйөт. Каржы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, бул доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу. Аткаминер тышкы милдеттенмелердин көбү АКШ валютасында алынганын эске салды. Каржы министрлигинин башчысы мамлекеттик карыз боюнча бардык төлөмдөр өз убагында төлөнөт деп ишендирди.

Бишкектин борбордук көчөлөрү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат

Бишкектин борбордук көчөлөрү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Кыргызстанга алып келинген өрт өчүрүүчү унааларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшыруу аземине байланыштуу Ала-Тоо аянтынын аймагы бүгүн кечки саат 9дан эртең мененки 11ге чейин жабык болот. Убактылуу чектөө Чүй проспектисинин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына… Кененирээк…

Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстанга авиабилетке болгон суроо-талап 5 эсе өстү

Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстанга авиабилетке болгон суроо-талап 5 эсе өстү. Бул тууралуу Economist.kg басылмасы жазды. Маалыматка ылайык, негизги суроо-талап Россиядан жана Түркия аркылуу башка өлкөлөргө транзиттик түрдө болгон. Ошол эле учурда билеттердин баасы болжол менен 2-3 эсеге кымбаттады, маселен, мурда билет 10 миң сом… Кененирээк…

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запастарын толуктоо үчүн бир катар товарларды сатып алуу пландаштырылууда

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запастарын толуктоо үчүн жакынкы аралыкта бир катар товарларды сатып алуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев билдирди. Анын айтымында, өлкө жетекчилиги тарабынан 5 миң тонна өсүмдүк майы жана 12 миң 500 тонна кумшекер сатып алуу милдети коюлган. Мындан тышкары… Кененирээк…