Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тарта электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү

Жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тарта электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул боюнча Министрлер кабинетинин токтому бекитилди. Товарларды экспорттоодо эсеп-фактура өлкө аймагынан товарлар ташып чыгарылганга чейин таризделет. Эске салсак, 2020-жылдын 1-июлунан баштап кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, ошондой эле… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, бүгүн кечки 6га чейин жарык Бакай-Ата, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Көлмө конуштарында, Көк-Жар, Пригородное, Лебединовка, Манас, Арал, Ак-Башат, Ивановка, Чүй айылдарында, Кант, Токмок шаарларында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 26-29-март аралыгында Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Мындан улам,… Кененирээк…

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 26-марттан 28-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы, Өтмөк ашуусу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ош-Сары-Таш-Эркештам, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Актал-Чат, Каракол-Эңилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп… Кененирээк…

Ордо калаадагы 7 миңден ашык абоненттин электр энергиясы 28-марттан тарта өчүрүлөт

Ордо калаадагы 7 миңден ашык абоненттин электр энергиясы 28-марттан тарта аралыктан өчүрүлөт. Ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн «Түндүкэлектр» ишканасы электр энергияга болгон эсепти өз маалында төлөөгө чакырат. Карызды почта бөлүмдөрүндө, кезек күтпөстөн терминалдар, электрондук капчыктар аркылуу дагы төлөсө болот.

БШК Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

БШК Бишкектеги Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, Шайлообек Атазов жеңүүчү деп табылды. Эске салсак, аталган округдагы кайра шайлоодо жеңишке жеткен талапкердин добуш сатып алгандыгы аныкталып, анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Күтүлгөндөй, мандат добуштардын саны боюнча кийинки орунда келген талапкерге… Кененирээк…