Рио-де-Жанейродо турак-жайга биткоиндер менен төлөөгө уруксат берилет

Рио-де-Жанейродо турак-жайга биткоиндер менен төлөөгө уруксат берилет. Жарандар эми кыймылсыз мүлк салыгын криптовалюта менен төлөй алат. Аны кадимки акчага конвертация кылуу үчүн атайын компания түзүлдү.   Муну менен мэриянын санариптик активдерге тиешеси жок болот. Күтүлгөндөй, келечекте башка кызматтарды дагы биткоин менен төлөө мүмкүнчүлүгү пайда болот,… Кененирээк…

Бишкекте жана Чүй, Талас облустарында электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрү катталды

Бишкекте жана Чүй, Талас облустарында электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрү катталды. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, ар кайсы райондордон 18 арыз келип түштү.   Катуу шамалдан кулаган бактар жана чатырлар электр өткөрүү линияларын үзүп кетти. Бул авариялык өчүрүүлөргө алып келди. Учурда 20 бригада оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Кыргызстанда соттордун ишинин сапатына кесиптик баа берген система пайда болушу мүмкүн

Кыргызстанда соттордун ишинин сапатына кесиптик баа берген система пайда болушу мүмкүн.   Бул тууралуу президент администрациясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Бийлик сот отурумдарында аудио жана видео жаздыруу систамаларын ишке киргизип, 3 жыл сайын судьяларды аттестациядан өткөрүп, сот органдарынын кызматкерлерине квалификациялык класстарды берүүнү пландап жатат.

Дүйнөдө киши эң көп кирген музейлер тизмектелди

Дүйнөдө киши эң көп кирген музейлер тизмектелди. Рейтингдин сап башында Париждеги Лувр жайгашат, экинчиде – Орус музейи, үчүнчу орунда – Мультимедиалык Ар Музей турат.   Андан кийинки позицияларда Нью-Йорктогу Метрополитен-музей жана Вашингтондогу Улуттук искусство галереясы жайгашты. Авторлордун айтымында, өткөн жылы дүйнөнүн 100 музейи жалпысынан 71… Кененирээк…

Өлкөдө доллар мурдагы 84 сомдук позициясына кайтууда

Өлкөдө доллар мурдагы 84 сомдук позициясына кайтууда. Учурда коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 84 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 86 сом,  86 сом 50 тыйынга сатышууда.   Муну менен доллар өлкөдө акыркы 2 күндө эле дээрлик 10 сомго арзандады.… Кененирээк…

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, аба-ырайынын шарттарына байланыштуу “Сосновка” жана “Арал” түйүндөрүнөн чоң машинелер өткөрүлбөйт.   Учурда Төө-Ашууда катуу шамал менен коштолгон кар жаап жатат.   Жеринде жолчулар иштеп, инерттүү материал себилүүдө. Аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин чектөөлөр… Кененирээк…

Кыргызстанда казинолорду ачуу менен жылына бюджет 2 миллиард сом менен толукталат

Кыргызстанда казинолорду ачуу менен жылына бюджет 2 миллиард сом менен толукталат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.   Ал белгилегендей, кумарканаларды ачуу менен өлкөдө туризм тармагын дагы өнүктүрсө болот. Казинолорду ачуудагы башкы талап – аларга кыргыз жарандары киргизилбейт.   Бул эреже сакталбаса, компаниянын… Кененирээк…

Жол инспекторлору айдоочуларды этият болууга чакырат

Жол инспекторлору айдоочуларды этият болууга чакырат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн кечинде жана түндө аба-ырайы кескин бузулуп, кар жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-20 метрге жетиши мүмкүн.   Жолдордо муз тоңгондуктан, айдоочулар ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы коопсуз аралыкты сактап жүрүшү керек.

Май айында кыргызстандыктарды узак эс алуулар күтүп турат

Май айында кыргызстандыктарды узак эс алуулар күтүп турат. Эске салсак, 1-5-жана 9-май майрамдык дем алыш күндөрү. 2-майга Орозо айт туура келгендиктен, бул күнү дагы эс алуу жарыяланат.   Муну менен 4-6-май гана иш күнү болот, бирок аларды 30-апрель жана 14-майдагы ишембилерге жылдыруу пландалууда. Эмгек министрлигинин… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы айрым товарларды маркировкалоо боюнча жумушчу долбоорду ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы айрым товарларды маркировкалоо боюнча жумушчу долбоорду ишке киргизди. Тизмеде ар кандай суусундуктар, бөтөлкөдөгү суу жана тамеки продукциясы бар.   Ведомстводон белгилешкендей, товарды маркировкалоо менен аны өндүрүүдөн баштап, акыркы керектөөчүгө чейин жеткен жолун  көзөмөлдөсө болот. Андан тышкары, калкты сапатсыз товарлардан коргоого шарт түзүлөт.