Көчмө диагностикалык комплекс Түп жана башка райондордун тургундарына акысыз медициналык кароо жүргүзүүдө

Көчмө диагностикалык комплекс Түп жана башка райондордун тургундарына акысыз медициналык кароо жүргүзүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, анда жарандар компьютердик томография, рентген жасата алат.   Комплекс Түп районунда 2 ай бою жарандарды тейлейт. Эске салсак, медициналык кароолор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында көрсөтүлүүдө.

Калкты каттоо процессине жарандардын паспорту талап кылынбайт

Калкты каттоо процессине жарандардын паспорту талап кылынбайт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, атайын даярдыктан өткөн операторлор жарандарга 40тан ашык суроо гана берет. Документтерин сурабайт.   Эске салсак, учурда өлкөдө Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо жүрүүдө. Ал 3-апрелде жыйынтыкталат.

Кыргызстанда товарлардын жана кызматтардын баасы сом менен гана көрсөтүлүшү керек

Кыргызстанда товарлардын жана кызматтардын баасы сом менен гана көрсөтүлүшү керек.   Бул тууралуу Экономика министрлиги эскертет. Ведомстводон белгилешкендей, сом менен көрсөтүлгөн баалар жок болсо, физикалык жактарга   1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.   Андан тышкары, эгер керектөөчүдөн улуттук валютаны кабыл алышпаса,… Кененирээк…

“Барселона” ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе жана “Боруссиянын” чабуулчусу Эрлинг Холланд үчүн күрөшпөйт

“Барселона” ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе жана “Боруссиянын” чабуулчусу Эрлинг Холланд үчүн күрөшпөйт. Клуб эч качан мындай ири сумманы трансферге жумшабайт, — деди анын президенти Жоан Лапорту.   Transfermarkt маалыматы боюнча Мбаппе 160 миллион еврого, Холланд 150 миллион еврого бааланууда.

Эл каттоонун операторлорун жарандар QR-код аркылуу текшере алат

Эл каттоонун операторлорун жарандар QR-код аркылуу текшере алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, ар бир каттоочуда күбөлүк бар.   Анда атайын мөөр басылып, qr-код  белгиленген. Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстанда өтүп жаткан эл каттоо процессине 28 миң адам ишке тартылды. Өнөктүк… Кененирээк…

Бишкектин 11-кичи районундагы гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда

Бишкектин 11-кичи районундагы гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Бул тууралуу ордо калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.   Анын айтымында, аянт тургундардын кызыкчылыгында бошотулуп, жериндеги тыгындарды алдын алууга шарт түзүлөт. Мэриядан эске салышкандай, 2017-жылы соттун чечими менен объектилердин ээлерине эскертүү берилген.  … Кененирээк…

Эртең Кыргызстанда “Спутник Лайт” препараты менен коронавируска каршы эмдөө жыйынтыкталат

Эртең Кыргызстанда “Спутник Лайт” препараты менен коронавируска каршы эмдөө жыйынтыкталат. Республикалык иммунопрофилактика борборунан 24 агенттигине билдиришкендей, буга вакцинанын сактоо мөөнөтү соңуна чыкканы себеп.   Аймактардагы маалымат алынгандан кийин препараттын канча дозасы колдонулбай жараксыз калганы белгилүү болот.   Учурда өлкөдө 2 миллиондон ашык дозада вакцина бар.

Кыргызстанда доллар улам арзандап жатат

Кыргызстанда доллар улам арзандап жатат. Учурга карата коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 81 сом 70 тыйынга сатып алып, кайра 83 сомдон сатышууда.   Айдын башында эле 107 сомго жеткен доллардын куну өткөн жумада кескин түшө баштады. Бул эл аралык валюта… Кененирээк…

Польша жана Португалия курамалары футбол боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо алышты

  Польша жана Португалия курамалары футбол боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо алышты. Польша өз талаасында Швеция футболчуларын 2:0 эсебинде утуп алды. Португалия дагы дал ушундай эсеп менен Түндүк македонияга үстөмдүк кылды.   Эске салсак, футбол боюнча мундиаль ушул кышта Катарда өтөт.

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн колдонмолор www.testing.kg сайтында бар

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн колдонмолор www.testing.kg сайтында бар. Бул тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “тестинг.кж сайтында акысыз онлайн сынак тесттер бар. Ошолорду өтсө дагы мүмкүнчүлүктөрү кеңейет деп айтсам болот. Ютуб канал, инстаграм баракчабыз бар. Ошол… Кененирээк…