“Манас айылы” комплексин жаңылоонун долбоору жарыяланды

Президент Садыр Жапаров 29-апрелде Бишкек шаарындагы “Манас айылы” этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.   Басма сөз кызматынын тараткан маалыматка ылайык, реконструкциялоодо комплекстин аймагына 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүү каралган. Ар кандай жыйын, курултай өткөрүү залы… Кененирээк…

Бишкек мэриясы мыкты шаардык долбоорго сынак жарыялады

Бишкек мэриясы мыкты шаардык долбоор сынагын жарыялады. Ал 1-апрелден тарта старт алат. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, сынак 1-апрелден 1-июнга чейин шаардын жагымдуу чөйрөсүн түзүүгө шаардыктарды жана уюмдарды кеңири тартуу, шаардын актуалдуу маселелерин чечүү үчүн дем берүүнүн мыкты куралдарын табуу, ошондой… Кененирээк…

Бишкекте кыргыз-казак өкмөт башчылар катышкан жыйын өтүп жатат

Казакстанды премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келип, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына катышып жатат. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.   Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыкты. Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйындан… Кененирээк…

«Бишкек санитардык полигон» ишканасынын мурдагы директору кармалды

«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.Б.С. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаардык санитардык полигондун куруу долбоорун ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин тергөө жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы директор Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен… Кененирээк…

Сузак районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Сузак районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды.   Жергиликтүү администрация башчысы Баратбек Сыдыкназаров билдиргендей, Багыш айылында жайгашкан борбордо 30 ар кандай мамлекеттик кызмат көрсөтүлөт.   Анда 6 калк жашаган түйүндүн тургундары тейленет.

Доллар кайрадан арзандады

29-апрель саат 16:40ка карата доллар 84 сом 50 тыйынга чейин сатылууда.   Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар 1 АКШ долларын 83 сом 50 тыйындан сатып алса, 84 сом 50 тыйындан сатууда. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 82 сом 10 тыйын деп көрсөтүлөт.  … Кененирээк…

Бишкекте мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана 1 бала бакча курулат

Бишкекте мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана 1 бала бакча курулат. Мэриянын маалыматына ылайык, объектилер бир катар жаңы конуштарда пайда болот, анын ичинде Ак-Босого, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо жана Мурас-Ордо конуштары бар. долбоорлорду ишке ашырууга 1,5 миллиард сом багытталат.   Муниципалитеттен белгилешкендей, жаңы мектептердин курулушу ордо калаанын… Кененирээк…

Кыргызстан бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр

Кыргызстан бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Түрксой маданияты эл аралык уюмунун генералдык катчысы Султан Раев менен жолугушууда билдирди.   Эске салсак, алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 8 жыл мурда өткөн. Ал эми төртүнчү оюндарды өткөрүү укугу Түркияга өткөрүлүп берилген.

Ошто быйыл ишкерлерди тейлөө борбору ачылат

Ошто быйыл ишкерлерди тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, түштүк калаада жана өлкөнүн дагы эки аймагында ишкерлерди колдоого багытталган борборлорду куруу демилгесин министрлер кабинети көтөргөн.   Объектилер качан ачылат белгисиз. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, ишкерлерди тейлөө борборунун башкы максаты – бизнесмендерге… Кененирээк…

Бишкектин Рухий-Мурас конушунда мектептин курулушу башталды

Бишкектин Рухий-Мурас конушунда мектептин курулушу башталды. Президент Садыр Жапаров жаңы имаратты курууга капсула салды. Өлкө башчы белгилегендей, 17 жыл мурда негизделген жаңы конушта ушул күнгө чейин мектеп болгон эмес.   Кошумчаласак, жалпы билим берүү мекемесин курууга республикалык бюджеттен 203 миллион сомдон ашык каралды. Мектеп окуучуларга… Кененирээк…