Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жаңы мектеп ачылды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жаңы мектеп ачылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 3 кабаттуу имарат 330 орунга чакталган.   Анда окуу класстары, конферецнц-зал, спорт зал жана ашкана каралган. Долбоорду ишке ашырууга 3,5 миллион доллар талап кылынды. Каражатты Өзбекстан бөлүп берген.

УКМК төрагасынын жардамчысымын деп элди алдаган киши кармалды

Элге өзүн УКМКнын кызматкери жана төраганын жардамчысы катары тааныштырып, мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген Э.О. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады. Билдирмеге караганда, Э.О. Тажикстандын Р.С. деген жараны аркылуу Ж.С. аттуу кишинин ишенимине кирип, прокуратура органдары аркылуу жазык ишин токтотуу үчүн 7 500 доллар… Кененирээк…

Австрия Россия газына чектөө киргизүүгө каршы

Австриянын канцлери Карл Нехаммер Россиядан мунай жана газ ташууга тыюу салууга каршы чыкты. Бул тууралуу ал Kronen Zeitung басылмасына берген маегинде билдирди. Австриялык саясатчы өзүнүн позициясын немец кесиптеши Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдөн кийин ырастады. «Санкциялар кимге каршы жарыяланса, ошол тарапты гана алсыратышы керек. Ал эми аны жарыялагандар… Кененирээк…

Жалал-Абаддагы абак шаар четине көчүрүлмөй болууда

Жалал-Абаддагы абакты шаардын четине көчүрүүнүн каржы маселеси чечилгенин президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев билдирди. Анын айтымында, абакты көчүрүүгө Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынан жана Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айылынан сегиз гектардан жер тилкелери караштырылып жаткан. Натыйжада Базар-Коргондон көрсөтүлгөн жерге макулдук алынды.   Бул… Кененирээк…

Бишкектин Чүй проспектинде унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Бишкектин Чүй проспектинде унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Мэриянын маалыматына ылайык, 2-апрелден 10-апрелге чейин анын Сүйүмбаев менен кесилишкен тилкесинде жылуулук түтүктөрүн өткөрүү иштери жүргүзүлөт.   Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

АКШда Ай бетинен чогултулган чаң сатыкка чыгарылды

АКШда Ай бетинен чогултулган чаң сатыкка чыгарылды. Аны спутникке тарыхта биринчи болуп  барган астронавт Нил Армстронг 1969-жылы чогултуп келген.   Бул өзгөчө лоттун баштапкы баасы – 800 миң доллар. Бирок эксперттер бул товар үчүн 1 миллиондон ашык алууну болжолдошууда. Аукцион 13-апрелге белгиленди. Түшкөн каражаттын бир… Кененирээк…

Кыргызстанда жаздын экинчи айы дагы жаанчыл болот

Кыргызстанда жаздын экинчи айы дагы жаанчыл болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, апрелде аномалдуу көрүнүштөр орун албайт. Бул ай жылуу жана жаанчыл болот деп күтүлүүдө.   Түнкүсүн аба табы +4төн 18 градуска чейин жетсе, күндүз +19дан 31 градуска чейин көтөрүлөт. Жаан-чачын нормадан бир аз жогору болуп, күн… Кененирээк…

Россия дан азыктарын экспорттоого киргизилген чектөөнү ЕАЭБ мамлекеттери үчүн алып салды

Россия дан азыктарын экспорттоого киргизилген чектөөнү ЕАЭБ мамлекеттери үчүн алып салды. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россия элчилигинен билдиришти.   Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, кеп буудай, сулуу, арпа жана жүгөрү тууралуу болуп жатат. Аталган азыктарды ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттоо үчүн Россиянын Айыл-чарба министрлиги тарабынан берилген атайын уруксат кагазы… Кененирээк…

Өзбекстандын премьер-министри жумушчу сапар менен Кыргызстанга келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди. Өзбек өкмөт башчысын Ош эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.   Эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, президенттин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы төмөндөбөйт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы төмөндөбөйт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен өлкөдөгү мунай ташуучулардын жолугушуусунда айтылды. М аалыматка ылайык, күйүүчү-майлоочу майды жеткирүү боюнча келишимдер алмашуу курсу жогору болуп турганда түзүлгөн. Белгиленгендей, республикада 3 айга жете турган дизель майы жана бензиндин бир… Кененирээк…