Тажикстандын президенти элди эки жылга жеткидей азык-түлүк камдап алууга чакырды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ыйык Рамазан айынын башталышына байланыштуу мекендештерине кайрылып, учурдагы дүйнөлүк кырдаал дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Тажикстанда экономикалык жана социалдык абалга олуттуу таасирин тийгизип жатканын айтты. Ошондуктан жарандар эки жылга жете турган азык-түлүк камдап алуусу керектигин билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.  … Кененирээк…

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап баштады

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап баштады. Учурда америкалык валютаны коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары 83 сомдон сатып алып, кайра 85 сомдон сатышууда.   Муну менен 1 суткада эле доллар 2 сом 70 тыйынга көтөрүлдү. Белгилеп кетсек, соңку 4 жылдан бери алгачкы жолу Улуттук… Кененирээк…

Ыйык Орозо айы башталды

Орозо быйыл 2-апрелге туура келди.   Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Кадыр түн 28-апрелге караган түнгө туура келет. Ыйык рамазан айы 2-майда Орозо айт менен жыйынтыкталат.   Белгилеп кетсек, Рамазан айында мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин оозуна нар албайт.

Россия коронавирустан вакцинаны мурунга тамчылатма түрүндө чыгарды

Россия коронавирустан вакцинаны мурунга тамчылатма түрүндө чыгарды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Гам-Ковид-Вак деп аталган мурунга тамчылатма препаратын каттоого алды.   Ал улуттук эпидемиология жана микробиология борборунда иштелип чыкты. Вакцина «Спутник V» сыяктуу эле эки компоненттен туруп, аралыгы үч жумалык мөөнөттө мурун көңдөйүнө чачылат.

Оштогу Бабур атындагы драма театрын оңдоо иштери сентябрда жыйынтыкталат

Оштогу Бабур атындагы драма театрын оңдоо иштери сентябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Ошко иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов имаратты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышканы барганда айтылды.   500 көрүүчүгө эсептелген театрдын имаратын жаңылоо иштери өткөн жылдын сентябрында башталган, бул максатта өзбек өкмөтү 5… Кененирээк…

Кыргызстан ушул жылы эл аралык донорлордон 9 миллиард 945 миллион сом алуу ниетинде

Кыргызстан ушул жылы эл аралык донорлордон 9 миллиард 945 миллион сом алуу ниетинде. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат бюджетти колдоого багытталат.   Күтүлгөндөй, 663 миллион сомду Дүйнөлүк банк, 2 миллиард 210 миллион сомду Азиялык өнүктүрүү банкы жана 7 миллиард сомдон ашык Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасындагы кызматташтык боюнча протокол кабыл алынды

Ошто  1-апрелде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш аймак башчыларынын жыйыны өттү. Ага эки өлкөнүн өкмөт башчылары Акылбек Жапаров жана Кыргызстанга иш сапар менен келген Абдулла Арипов катышты.   Жыйынтыгында ортодогу товар жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча ишти улантуу тууралуу протокол кабыл алынды. Кыргызстан… Кененирээк…