Баткен облусунун Лейлек районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Лейлек районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Мектепке чейинки балдар мекемеси Кулунду айылында жайгашкан. Имараттын курулушу 2019-жылы башталган. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы баасы 42 миллион сомду түздү. Акча мамлекеттик бюджеттен бөлүндү. Учурда бала бакчада 13 тарбиячы эмгектенип, үч жүздөн ашык бала билим алууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигине 22 миллион сомдон ашык каражатка жеке коргонуу каражаттары берилди

Саламаттыкты сактоо министрлигине 22 миллион сомдон ашык каражатка жеке коргонуу каражаттары берилди. Анын ичинде медициналык коргоочу костюмдарды, хирургиялык жана респиратордук маскаларды, кол каптарды жана көз айнектерди камтыйт. Жардам эл аралык уюмдардылн бири тарыбынан COVID-19га каршы аракеттенүүнү колдоонун бир бөлүгү катары берилди.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги мобилдик топторду түндүктөгү калктуу конуштарга жөнөттү

Санариптик өнүктүрүү министрлиги мобилдик топторду Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынын калктуу конуштарына жөнөттү. Адистер жарандарга жеринде паспорт, жөлөкпул үчүн документтерди кабыл алуу, ошондой эле жашаган жери боюнча каттоого туруу өңдүү түрдүү кызматтарды көрсөтөт. Мобилдик топтор аймактарда бүгүнтөн тарта 22-апрелге чейин иштешет.

Социалдык кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө бюджеттен 26 млрд сом бөлүндү

Социалдык кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 26 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин жана Эмгек министрлигинин айлыктары көтөрүлдү. Мамлекет башчы бул төлөмдөрдөн тышкары 1-июндан тарта балдарга жөлөкпулдарды, ошондой эле башка категориядагы бюджеттик кызматкерлердин маянасын… Кененирээк…

Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компания 1000ден ашык батир куруу ниетинде

Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компания 1000ден ашык батир куруу ниетинде. Бул тууралуу аталган компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди. Анын айтымында, турак жайдын жалпы аянты 93 миң чарчы метрден ашат. Курулуш Бишкек, Баткен, Нарын, Кара-Балта жана Каракол шаарларында пландалууда. Бул максаттарга бюджетте 3,5 миллиард сом каралган.

Эртең Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына караганда, шаар түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу эртең мененки саат 9дан 5ке чейин «Красный строитель», «Ак-Тилек», “Көлмө”, «Алтын Бешик», «Салам Алик» конуштарында жана Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская, Ала-Арча, Жибек-Жолу, Жаш Гвардия, Саадаев көчөлөрүндө, Чоң Чүй… Кененирээк…

Ошто жол акы 5 сомго арзандады

Ошто жол акы 5 сомго арзандады. Шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, маршруттук каттамдардын айдоочулары жайкы графикке өтүштү. Ага ылайык, жүргүнчүлөрдөн кечки саат 9га чейин 15 сомдон гана алынат. Андан кийин жол кире 20 сом болот. Белгиленгендей, бул тариф окуучуларга тиешеси жок. Э ске салсак, быйылкы… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлиги “универсалдык медайым” кызматын ишке киргизүүдө

Саламаттык сактоо министрлиги сыноо долбоордун алкагында “универсалдык медайым” кызматын ишке киргизүүдө. Мекемеден белгилешкендей, бул долбоор өткөн жылдан бери медайымдык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында ишке ашырылып келе жатат. Ыкма буга чейин кызыл зоналарга кирген бөлүмдөрдө колдонулган. Эми башка ооруканаларга жайылууда. Анын алкагында, процедуралык, кийинтүүчү жана палаталык… Кененирээк…

Германиянын тургуну сертификаттарын сатуу үчүн дээрлик 90 жолу COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн

Германиянын тургуну сертификаттарын сатуу үчүн дээрлик 90 жолу COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн. Учурда полиция тарабынан кармалган Магдебургдук 60 жаштагы киши вакцинаны Саксония федералдык штатындагы эмдөө борборлорунда бир нече айдын ичинде алган. Немис Эйленбург шаарындагы медициналык борборунда кармалган. Препараттын кезектеги дозасы үчүн ал ошол эле жерге… Кененирээк…

Быйылкы жазда мода боло турган бут кийимдер аталды

Быйылкы жазда мода боло турган бут кийимдер аталды. Алар жалпак, таманы жыгач бут кийимдер, туфлилер жана чоң платформадагы лоферлер болот. Мындан тышкары, мода дизайнерлеринин жыл сайын сүймөнчүлүгүнө айланып бараткан спорттук сандалдары актуалдуу бойдон калууда. Белгиленгендей, жогорудагы бут кийимдердин бардык моделдери көптөгөн атактуулардын образында байкалды.