Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджети бекитилди

Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджети бекитилди. Биринчи вице-мэр Мирлан Байгончоковдун айтымында, казына 15 миллиард сомго чейин же дээрлик 4 миллиард сомго көбөйтүлдү. Эске салсак, буга чейин ордо калаанын бюджетинин долбоору 11 миллиард 690 миллион сом деп пландалган.

Ордо калааны өнүктүрүүнүн Улуттук программасы иштелүүдө

Ордо калааны өнүктүрүүнүн Улуттук программасы иштелүүдө. Мэриядан билдиришкендей, программада Бишкекти жашыл жана жагымдуу чөйрөсү бар заманбап шаарга айлантуу каралган. Мындан сырткары капиталды жана туристтерди тартуу борбору катары өнүктүрүү милдети турат. Ошондой эле, 2023-2025-жылдарга баш калааны социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы иштелип чыгат.

Окумуштуулар миллионерлерге кандай инсандык сапаттар мүнөздүү экенин аныкташты

Окумуштуулар миллионерлерге кандай инсандык сапаттар мүнөздүү экенин аныкташты. Илимпоздор бул үчүн 1984-жылдан бери жүргүзүлүп жаткан Германиянын социалдык-экономикалык моделиндеги маалыматтарды талдашкан. Анын катышуучулары жыл сайын кесиби, кирешеси, ден соолугу, жашоодон канааттануу жана башка аспектилери боюнча отчет берип турушат. Берлиндин университеттердин изилдөөчүлөрү белгилешкендей, миллионерлер жалпы калкка караганда… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 7-апрелге чейин Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Ак-Тал-Чат, Каракол-Эңилчек жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар масасалары түшүшү мүмкүн. Айдоочулар бул трассаларда унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керек.

Жаңы электробустар Бишкекте октябрдан тарта жүрө баштайт

Жаңы электробустар Бишкекте октябрдан тарта жүрө баштайт. Бул тууралуу Унаа жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди. Ал белгилегендей, транспорт каражаттары боюнча жарыяланган тендердин жыйынтыгы болжол менен 1,5-2 айдан кийин чыгат. Бирок бардык процедуралар үчүн дагы 4 ай талап кылынат.

Бишкектин бюджети 15 миллиард сомго чейин көбөйтүлдү

Бишкектин бюджети 15 миллиард сомго чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу шаардык кеңештин жыйынында белгилүү болду. Эске салсак, ор калааанын бюджетинин долбоору буга чейин 1 миллиард 690 миллион сом деп пландалып жатканы маалымдалган.

Баткендин тургундарына мамлекеттик актылар акысыз берилет

Баткендин тургундарына мамлекеттик актылар акысыз берилет. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен билдиришкендей,  Баткен жана Лейлек райондорунун айрым чек ара айылдарында укук күбөлөндүрүүчү документтерди жол-жоболоштуруу жана берүү, техникалык паспорттоштуруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды акысыз негизде мамлекеттик каттоо башталды.

Улуттук статистика комитети эл каттоого катышпай калгандарды үн катууга чакырат

Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоого катышпай калган жарандарды үн катууга чакырат. Аталган комитеттен билдиришкендей, Кыргызстанда өнөктүк аяктады. Бирок айрым жарандар кандайдыр бир себептерден улам дагы деле каттала элек. Белгилеп кетсек, 1216 номери боюнча «ишеним телефону» ишин улантууда, ага каалаган жаран кайрылып,… Кененирээк…

Ош жана Ысык-Көл облустарында туристтерди тейлөө борборлорунун курулушу башталат

Ош жана Ысык-Көл облустарында туристтерди тейлөө борборлорунун курулушу башталат. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысынын орун басары Кыял Кенжематова билдирди. Анын айтымында, объекттер заманбап конструкциядагы ак боз үй формасында болот. Анда кафе, маркет, унаа токтотуучу жай жана башкаларды түзүүнү караштырышат. Долбоор Дүйнөлүк банк бөлгөн гранттык каражаттардын… Кененирээк…

Бишкекте эскилиги жеткен, бирок авариялык абалдагы категорияга кирбеген курулуштар сүрдүрүлөт

Бишкекте эскилиги жеткен, бирок авариялык абалдагы категорияга кирбеген имараттар менен курулуштар сүрдүрүлөт. Негизги каражаттарды баланстан чыгаруу жана бузуу, ошондой эле, муниципалдык имараттарды демонтаждоо тартиби жөнүндө жобону шаардык кеңештин депутаттары бекитти. Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору белгилегендей, шаарда эскилиги жеткен, бирок авариялык абалга кептелбеген имараттар көп… Кененирээк…