Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо мекемеден тышкары добуш берүү 9-апрелде өтөт

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо мекемеден тышкары добуш берүү 9-апрелде өтөт. БШКдан билдиришкендей, жарандардан арыздарды кабыл алуу бүгүн аяктады. Ден соолугуна байланыштуу шайлоо тилкесине келе албаган же ооруканада жаткан шайлоочулар мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге шайлоо Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров чет элдик IT адистерине ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров чет элдик IT адистерине ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды. Ага ылайык, министрлер кабинети жумушка орношуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүп, чет элдиктерге кеңеш берүү үчүн бирдиктүү маалыматтык веб-порталды уюштурууга тийиш. Мунун баары өлкөгө квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана бизнесмендерди тартуу, ошондой эле жаңы ишканаларды ачууга жана инновациялык… Кененирээк…

Америкалык ырчы Бритни Спирс мемуар жазууну чечти

Америкалык ырчы Бритни Спирс мемуар жазууну чечти. Анда ал өзүнүн жашоосу тууралуу чындыкты айтууга убада берүүдө. Артситтин айтымында, акыркы жылдары анын башынан өткөн бардык окуяларды дүйнөгө айтууга убакыт келди. Ал ошондой эле жардамга жана камкордукка муктаж болгондо жакын адамдары өзүн кандай алып жүргөнү тууралуу айтып… Кененирээк…

Диетологдор арыктоого тоскоол болгон адаттарды аташты

Диетологдор арыктоого тоскоол болгон адаттарды аташты. Арыктагысы келгендер фастфуд жана зыяндуу тамактардын порциясынын өлчөмүнө көңүл бурушу керек. Себеби, курамында кант жана туз көп болгон тамактар ​​курсактагы майдын топтолушуна алып келет. Мындан тышкары, жетиштүү уктап, стресстен алыс болуп, негизги тамакка майлуу кошулмалардан толугу менен баш тартуу… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Каракол шааарында 7 мектептин аталышы өзгөртүлдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шааарында 7 мектептин аталышы өзгөртүлдү. Мындай чечим шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынды. Сессияда Ысык-Көлдөгү жети акенин ысымдары №1, 2, 3, 15, 6, 7, 9 мектептерге берилди. Мындан тышкары, №5 мектепке саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарылды. Белгилеп кетсек, жогорудагы мектептер негизинен орус… Кененирээк…

Унаа жана жолдор министрлиги салмак-габариттик пункттарды автоматташтырууну көздөөдө

Унаа жана жолдор министрлиги салмак-габариттик пункттарды автоматташтырууну көздөөдө. Бул тууралуу мекеменин жетекчисинин орун басары Таабылды Тиллаев билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча жумушчу топ түзүлдү. Автоматташтыруудан кийин адам фактору толук жоюлат, ошондой эле посттордун ачык-айкын иштеши камсыздалат деп күтүлүүдө. Министрлик бул ишти жыл аягына чейин… Кененирээк…

Экономика министрлиги дан жана ун импортун кошумча нарк салыгынан бошотуу мөөнөтүн узартууну сунуштоодо

Экономика министрлиги дан жана ун импортун кошумча нарк салыгынан бошотуу мөөнөтүн узартууну сунуштоодо. Долбоор коомдук талкууга коюлду. Эске салсак, буга чейин министрлер кабинети ушул жылдын 1-августуна чейин аталган азыктарды салыктан бошоткон. Эми Экономика министрлиги 31-декабрга чейин мөөнөт берүүнү көздөп жатат. Адистер бул чаралар көрүлбөсө, баалар… Кененирээк…

Доллардын серпилүүсү психологиялык факторлорго байланыштуу

Доллардын серпилүүсү психологиялык факторлорго байланыштуу. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси сомдун курсу ички валюта рыногунда чет элдик валютага суроо-талап менен сунушка жараша эркин түзүлүп жатканын эске салды. Улуттук банк кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, интервенцияларды жасап жатканын белгиледи. Кошумчаласак, азыр борбордогу акча… Кененирээк…

Кыргызстанда сел жүрүп, суу капташы мүмкүн

Кыргызстанда сел жүрүп, суу капташы мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 6-10-апрель аралыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Мындан… Кененирээк…

Бишкекте энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча форум өтөт

Бишкекте энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча форум өтөт. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын алкагында энергетикалык реформалардын жана инвестициялык кызматташуунун негизги багыттары талкууланат. Форумду уюштурууга Дүйнөлүк банк көмөктөшөт.