Уилл Смитке «Оскар» сыйлыгына катышууга 10 жыл бою тыюу салынды

Америкалык актёр Уилл Смитке «Оскар» сыйлыгына катышууга 10 жыл бою тыюу салынды. Буга чейин Америка кино академиясы актерду иш-чараларына катышуусун чектеген. 94-Оскар сыйлыгындагы жакшы көз ирмемдерди Смит мырзанын сахнада көрсөткөн туура эмес жүрүм-туруму бузду, — деп айтылат маалыматта. 27-марттан 28-мартка караган түнү актёр Уилл Смит… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында 9 млн евролук таза суу долбоорунун 2-фазасы башталды

Жалал-Абад шаарында 9 миллион евролук таза суу долбоорунун 2-фазасы башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Белгилеп кетсек, аймактагы суу менен жабдуу тутумдары 1950-60-жылдары курулган. Долбоор аяктаса таза суу түтүктөрү жаңыланып, башка саркынды суу түтүктөрү курулат. Ага кошо буга чейинки саркынды суу чогултуучу жай калыбына… Кененирээк…

Балдарды бала-бакча жана мектепке кабыл алуудан негизсиз баш тарткандарга айып пул салуу сунушталды

Билим берүү министрлиги балдарды бала бакчага жана мектепке кабыл алуудан негизсиз баш тарткандарга айып пул салууну сунуштоодо. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү мекеме коомдук талкууга койду. Ага ылайык, балдарды электрондук кезек системасы аркылуу бала бакчага кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке жактарга 1000… Кененирээк…

Кыргызстанда 16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү тилкеден тышкары өтүүдө

Кыргызстанда 16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү тилкеден тышкары өтүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, жалпысынан 730 арыз түшкөн. Белгилеп кетсек, ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоо участогуна келе албагандар, ошондой эле добуш берүү күнү ооруканаларда, камак жайларында, алыскы жана өтүүгө кыйын болгон жерлерде… Кененирээк…

Ала-Букада үч киши иске ууланып каза болду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кош-Терек айылында жайгашкан сабиз сактоочу кампада үч киши иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Учурда жарандардын аты-жөнү жана уулануунун себеби такталууда. Жерине беш куткаруучу тартылган.  

Ордо калаада мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда

Ордо калаада мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жумуштар Валиханов, Сыдыков, Лермонтов, Тыныстанов көчөсүндө, Тагай бий жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишинде, Огонбаев жана Осмонкул, Жибек-Жолу жана Турусбеков, Коёнкөзов менен Бөкөнбаев, Тагай бий жана Тунук, Өмүракунов жана Таттыбүбү көчөлөрүнүн кесилишинде, Чыгыш-5 кичирайонунда аткарылды.   Ээлери… Кененирээк…

Ош шаарындагы бардык бак-дарактар инвентаризацияланат

Ош шаарындагы бардык бак-дарактар инвентаризацияланат. Бул тууралуу түштүк калаа мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бардык турак жайлардын, мамлекеттик жана жеке менчик объектилердин короосундагы бак-дарактардын эсебин жүргүзүү жана инвентаризациялоо жакын арада башталат.

Мектептерде 12 жылдык билим берүүгө өтүү кийинки жылдан тарта ишке кирүүсү күтүлүүдө

Кыргызстандын мектептеринде 12 жылдык билим берүүгө өтүү кийинки жылдан тарта ишке кирүүсү күтүлүүдө. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаңы ыкманы этап менен киргизүү пландалууда. Эске салсак, өлкөдө балдар 6 жашынан тарта 1-класска барууга милденттендирилет. Анын алкагында, 0-класс жоюлуп, мектептеги билим берүү 1-класстан башталат. Ал эми 2-классты… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда 730 адам бүгүн мөөнөтүнөн мурда добуш берет

Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда 730 адам бүгүн мөөнөтүнөн мурда добуш берет. БШК маалыматына ылайык, Ош облусунда – 118, Нарында 43, Ысык-Көлдө 9, Жалал-Абадда 294 жана Чүйдө 266 жаран арыз берген. Алар ар кандай себептер менен тилкеден тышкары добуш берет. Эске салсак, эртең, 10-апрелде Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта… Кененирээк…