Чехия туристтер үчүн бардык чектөөлөрдү алып салды

Чехия туристтер үчүн бардык чектөөлөрдү алып салды. Эми саякатчылар аталган европа мамлекетинин аймагына вакцинация тууралуу сертификатты жана келүү негиздемесин көрсөтпөй эле кире алат.   Мындай чечимди бийлик Чехияда жана башка мамлекеттерде коронавирус боюнча абал турукташканына байланыштуу кабыл алды.

Токтогул районунда жаңы бала бакча ачылды

Токтогул районунда жаңы бала бакча ачылды. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Чолпон-Ата айылында жайгашат.   Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 75 бөбөккө чакталган. Курулуш иштерине каражат райондук фонддон, жергиликтүү бюджеттен жана аймактарды өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.

Кыргыз улуттук тарых музейинин  иштөө убактысы узартылды

Кыргыз улуттук тарых музейинин  иштөө убактысы узартылды. Маданият министрлигинен билдиришкендей,  туристтердин жана кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн тарых музейи эми саат 10дон кечки 8ге чейин иштейт.   Ал эми буга чейин бекитилген графикке ылайык, бардык музейлер үчүн дүйшөмбү дем алыш катары сакталат.

Бишкек жана Чүй облусунда катуу шамал болот

Бишкек жана Чүй облусунда катуу шамал болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишкендей, 1 сааттын ичинде аба-ырайы кескин өзгөрүп, күн күркүрөйт. Ал эми шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин жетет.   Жарандарга этият болуп, жеңил конструкциялардын алдынан өтпөй, бак-дарактардын алдына унааларын токтотпоо сунушталат.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 миңден ашык абитуриент катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 миңден ашык абитуриент катталды. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Анын айтымында, бул акыркы жыйынтык эмес. Маалымат чогултуу болжол менен ушул жуманын аягына чейин уланат. Эске салсак, өлкө мектептеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы… Кененирээк…

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Белгилеп кетсек, Абдылдаев буга чейин Тышкы иштер министри болуп, өлкөнүн Германиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн жетектеп келген. Аны февралда бул кызматта Өмүрбек Текебаев алмаштырды.

Республикалык штаб Кыргызстанга кирип-чыгуу эрежелерин бекитти

Республикалык штаб Кыргызстанга кирип-чыгуу эрежелерин бекитти. Кыргызстандыктар, чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар эл аралык аба каттамдар жана унаа менен мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө тастыктаманы көрсөтүүгө тийиш.   12 жашка чейинки балдарга бул талаптар милдеттүү… Кененирээк…

Доллар курсунун серпилүүсү уланууда

Доллар курсунун серпилүүсү уланууда.   Өткөн жумада кунун бекемдеген америкалык валюта эми позициясын кайрадан жогото баштады. Эгер өтүп кеткен аптанын башында эле анын куну 95 сомдук чекке жетсе, учурда коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 86 сомдон сатып алып, кайра  87 сомго… Кененирээк…

Испанияда өзгөчө көргөзмө ачылды

Испанияда өзгөчө көргөзмө ачылды. Көрүүчүлөр картиналар менен жөн гана суктанбастан, алардын жытын дагы сезе алат. Бул үчүн бардык экспонаттар санариптештирилип, интерактивдүү экранга киргизилди.   Сенсорду басып, керектүү элементти тандаганда тиешелүү жыт бөлүнүп чыгат. Мындай инновациялык технологиялар менен авторлор ар бир ишин көрүүчүлөргө жаңы тарабынан ачып… Кененирээк…

Айрым адистиктерге жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы талап кылынбайт

Айрым адистиктерге жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы талап кылынбайт. Алар тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет. “Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктары айрым адистиктер үчүн кереги жок. Аны каяктан билсе болот? биздин сайтта атайын ушундай адистиктердин жана талап кылынган предметтик тесттердин… Кененирээк…