Өсүмдүк майы март айынан бери 5,5 пайызга кымбаттады

  Өлкөдө март айынан 12-апрелге чейин өсүмдүк майы 5,5 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин расмий сайтында көрсөтүлөт.   Март айынын башында майдын баасы бир литри 157 сом 6 тыйынды түзсө, 12-апрелге карата 166 сом 3 тыйынды түзгөн. Баанын өсүү себептери:  … Кененирээк…

Муфтият ажылыкка кезекте тургандарды вакцина алууга чакырды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Сауд Арабиясы быйылкы ажылык сапарга барчуларга бир катар жаңы талаптарды киргизгенин билдирди. Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаевдин маалыматына караганда, ажылыкка барчулардын жашы 65 жаштан жогору болбошу керек жана ПЧР тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүп, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү шарт.   Муфтият… Кененирээк…

Карим Бензема  “Алтын топко” башкы талапкер

“Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема  “Алтын топко” башкы талапкер. Экинчи орунда өткөн жылкы лидер “Бавариянын” форварды Роберт Левандовски жайгашат. Ошондой эле талапкерлердин тизмесинде Мохамед Салах, Килиан Мбаппе, Лука Модрич жана башкалар бар.   Эске салсак, Бензема Чемпиондор лигасынын алкагында катары менен эки беттеште хет-трик менен өзгөчөлөнө… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын курсу түштөн кийин 2 сомго төмөндөдү

Кыргызстанда доллардын курсу түштөн кийин 2 сомго төмөндөдү. Бул туурасында Valuta.kg сайтында маалымдалат. Бүгүн эртең менен эле долларды сатып алуу 86 сом, сатуу 87 сом болуп жаткан.   Ал эми саат 4кө  карата акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда америкалык валютаны сатып алуу 84 сом,… Кененирээк…

Түркмөнстанда өзүн жасалма жол менен сулуулаган кыз-келиндер айыпка тартылат

Түркмөнстанда өзүн жасалма жол менен сулуулаган кыз-келиндер айыпка тартылат. Айымдарга ботокс, беттеги бырыштарды тегиздөө, кирпик өстүрүү, эриндерин чоңойтуу, жасалма тырмак өстүрүү процедураларына тыюу салынды.   Бул кызматтарды көрсөткөн жасаган адис дагы жоопко тартылат. Талапты аткарбаган сулуулук салондорунун ээлери 15 суткага камакка алынышы мүмкүн. Учурда тартип… Кененирээк…

Бишкектен Москвага темир жол каттамдары кийинки жылга чейин аткарылбайт

Бишкектен Москвага темир жол каттамдары кийинки жылга чейин аткарылбайт.   Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Андан такташкандай, учурда Россия ордо калаасында темир жол шакекчеси толугу менен оңдолуп жаткандыктан, Кыргызстанга гана эмес, башка мамлекеттерге дагы каттамдар токтотулган.   Бирок Бишкектен поезддердин Самара, Казань… Кененирээк…

Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 813 сомго теңелди

Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 813 сомго теңелди. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу, 16,7 пайызга көп. 2022-жылдын биринчи кварталына карата эсептөөлөрдү Улуттук статистика комитети жүргүздү.   Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

Кыргызстанда Евразиялык технопарк түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда Евразиялык технопарк түзүлүшү мүмкүн.   Евробирикмедеги биздин өлкө өкмөтүнүн атайын өкүлү Асылбек Айдаралиевдин айтымында, технопарк ЕАЭБ мамлекеттеринин окумуштууларынын жана ойлоп табуучуларынын агро өнөр-жай, отун-энергетикалык жана спутник технологиялары жаатындагы илимий-техникалык жетишкендиктерин алдыга жылдыруу менен алектенет.   Айдаралиев белгилегендей, технопарк ишкердүүлүктө толугу менен колдоо көрсөтөт –… Кененирээк…

Чек арадагы окуя боюнча териштирүү башталды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктаганын билдирди.   Сүйлөшүү 12-апрелде ок атылган аймакта өткөн. Эки тараптуу сүйлөшүүгө чек ара кызматынын жана бийликтин өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.   “12-апрелде кабыл алынган макулдашуулардын аткарылышын талкууладык. Биринчи… Кененирээк…

Бишкекте 17-апрелде Интергельпо көчөсү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте 17-апрелде Интергельпо көчөсү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, калыбына келтирүү жумуштары анын Кең-Суу – Дэн Сяопин тилкесинде жүргүзүлөт.   Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Пишпек жана Фучик көчөлөрү сунушталат. Эске салсак, оңдоо иштери “Бишкек көчөлөрүнүн жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында, Кытай грантынын эсебинен аткарылат.