Бишкекте беш суу кампасын оңдоп-түзөө пландалууда

19-апрелден тарта «Бишкек суу канал» башкармалыгынын суу кампаларында оңдоп-түзөө, профилактикалык иштерин жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Муниципалитет мындай иштер жылына эки ирет жасаларын айтып, бул учурда муздак суу берүү токтотуларын эскертти. Жайга даярдануу үчүн суу кампаларынын ишин убактылуу токтотуунун план-графиги: 19-апрель. «Гагарин»… Кененирээк…

ТикТок “дизлайк” баскычын сынап жатат

ТикТок “дизлайк” баскычын сынап жатат. Функция жакпай калган билдирүүлөрдү аныктоо үчүн киргизилет. Кызыгы, дизлайктардын саны колдонуучуларга дагы, билдирүүнүн ээсине дагы көрүнбөйт.   Болгону, платформа муну менен өз ишин жакшыртуу ниетинде. Белгилеп кетсек, ТикТок социалдык тармагынын жалпы колдонуучуларынын саны 700 миллионго жетет.

Бишкекте Сухэ-Батор көчөсүн ондоо иштери уланууда

Бишкекте Сухэ-Батор көчөсүн ондоо иштери уланууда.   Мэриянын маалыматына ылайык, анын алкагында трассага жаңы асфальт катмары төшөлүп, тротуарлар курулуп, жаңы ирригациялык тармак өткөрүлөт.   Андан тышкары, Аламүдүн дарыясы аркылуу узундугу 24, ал эми кеңдиги 14 метрге жеткен көпүрө курулат. Эске салсак, бул иштер өткөн жылдын… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-июндан тарта айрым жөлөк пулдар көбөйтүлөт

Кыргызстанда 1-июндан тарта айрым жөлөк пулдар көбөйтүлөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.   Документке ылайык, “үй-бүлөгө көмөк” пособиеси 1 миң 200 сомго чейин жогорулатылат. 1-топтогу майыптар 5 миң 500 сомдон, 2-топтогулар 3 миң жана 3-топтогу майыптыгы бар жарандар… Кененирээк…

Өлкөдө стоматологиялык клиникалар текшерилет

Кыргызстанда вирустук гепатит оорусу күчөп жаткандыгына байланыштуу өлкөдөгү стоматологиялык клиникаларды текшерүү башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.   Билдирүүгө ылайык, стоматологиялык клиникалардын лицензиялык талаптарга ылайык келүүсү текшерилет. «Бишкек шаары боюнча комиссиянын курамына 70 менчик стоматологиялык клиникалар кирет, алардын 19у медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксаты жок. Калктын… Кененирээк…

Санэпидем борборлоруна жаңы үлгүдөгү Нива унаалары тапшырылды

Санэпидем борборлоруна жаңы үлгүдөгү Нива унаалары тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Транспортту салтанаттуу тапшыруу аземи бүгүн болду.   Техника Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га шашылыш чара көрүү» долбоору аркылуу сатылып алынды. Унаалар дары-дармектерди жеткирүү жана ПЦР-изилдөөлөр үчүн биоматериалды ташууга колдонулат.

Дары калбай калат деп, аларды башаламан сатып алуунун кажети жок

Дары калбай калат деп, аларды башаламан сатып алуунун кажети жок. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин фармацевтикалык ишкердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов билдирди.   Анын айтымында, өлкөгө медициналык препараттарды алып келүүдө көйгөйлөр жок. Андан тышкары, дарыларды туура сактоо керектигин эске алуу керек, — деди Исмаилов

Бишкекте быйыл Жеңиш парады болбойт

Бишкекте быйыл Жеңиш парады болбойт. novosti.kgге Коргоо министрлигинен билдиришкендей, 9-майда ордо калаада эскерүү митинги гана өтөт. Ага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери катышат.   Иш-чаранын алкагында гүлчамбар коюлуп, “Өлбөс полктун” жүрүшү дагы болот.

Жогорку окуу жайга кабыл алуунун босого упайын аныктоо үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары анализденет

Жогорку окуу жайга кабыл алуунун босого упайын аныктоо үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары анализденет. Бул тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Негизги тесттен максималдуу ала турган упай бул 245 упай, максималдуу предметтик тесттер боюнча 150 упай. Бардык… Кененирээк…

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Мэриядан билдиришкендей, мындай арыз менен райондук сотко Биринчи май районунун акимиаты кайрылды. Сот бул чечимди мыйзамдуу деп таап, тынчтык чогулуштарына жана митингдерге тыюу салды.   Жыйынтыгында, Жогорку Кеңеш, Россия элчилиги, Ала-Тоо аянты, президент администрациясы жана УКМК… Кененирээк…