Билли Айлиш алгачкы ирет атактуу “Симпсоны” мультфильминде тартылат

Билли Айлиш алгачкы ирет атактуу “Симпсоны” мультфильминде тартылат.  Күйөрмандар 20 жаштагы жылдызды анын 24 жашар бир тууганы, музыкант Финнеас О’Коннелл менен биргеликте көрө алышат.   Алар каармандарды дагы өз үнү менен коштогону айтылат. Мультфильмдин бет ачары 22-апрелде Disney+ сервисинде өтөт.   Белгилеп кетсек, бул Билли… Кененирээк…

Кыргызстанда Салттуу музыка жумалыгы өтөт

20-25-апрель күндөрү Кыргызстанда Салттуу музыка жумалыгы жана IX эл аралык музыка, бий конгресси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Билдирмеге караганда, иш-чараны министрлик менен «Кыргыздын салттуу музыкасы» фонду уюштурат. «Жумалык маданий жана илимий бөлүктөн туруп, анын алкагында IX эл аралык… Кененирээк…

Бишкекте Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачаары өттү

Мамлекеттик тарых музейинде «Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү» аттуу тарыхый даректүү тасмасынын бет ачаары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Тарыхый тасманын сценарийин тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз… Кененирээк…

Өкмөт чет өлкөгө доллар алып чыгууга чектөө киргизүүнү сунуштады

Өкмөт чет өлкөгө доллар алып чыгууга чектөө киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, чет элдик жарандар өлкөдөн накталай түрдө 5 миң доллардан ашык алып чыга албайт.   Кыргызстандын жарандарына 10 миң долларга чейин чек коюлат. Андан көп сумма болсо, 10 пайыз… Кененирээк…

Таласта 6 окуучу кыз тамакка ууланды

Таласта 6 окуучу кыз тамакка ууланды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда окуучулар амбулатордук дарыланууда. Белгилүү болгондой, 14-апрелде Талас шаарындагы лицейде окуган 7-класстын 6 окуучусу тамак-ашка ууланган.   «Жабырлануучулар кечки саат 20:00дө кечки тамактанууда буурчак шорпосу, кайнатылган тоок менен күрүч, чай, нан менен тамактанышканын айтышкан. Ошол… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 149 миллион метр кубду түздү

15-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 149 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунан билдиришти.   Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 803 метр куб, агып чыгышы 194 метр кубду түзүүдө. Былтыр бул күнү суу сактагычта 8 миллиард… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт

21-апрель күнү Бишкектин айрым жерлеринде суу болбой турганын мэрия билдирди. «Бишкек суу канал» ишканасынын маалыматы боюнча, саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймактарда суу болбойт: Ала-Арча суусу, темир жол, Жибек Жолу жана Жаш Гвардия проспектилери; Жаш Гвардия, Манас проспектилери, темир жол, Фрунзе көчөсү;… Кененирээк…

Президенттин жаңы администрациясынын курулушу башталды

Президенттин жаңы администрациясынын курулушу башталды. Жалпы аянты 21 миң чарчы метрди түзө турган имараттын курулуша капсуланы Садыр Жапаров салды.   Өлкө башчынын басма-сөз кызматынан белгилешкендей, бардык мамлекеттик органдар бир административдик комплексте жайгашса, чечимдерди иштеп чыгуу процесси тездейт.   Белгилеп кетсек, президент администрациясынын жаңы имараты кышында… Кененирээк…