Ордо калаада 20дай коомдук транспорттук көмөкчордон оңдолууда

Ордо калаада 20дай коомдук транспорттук көмөкчордон оңдолууда. “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, жумуштар ишкананын эсебинен жүргүзүлүүдө. Белгилеп кетсек, көмөкчордондор өткөн кылымдын 40-50-жылдары курулган.

«Айыл чарбасын каржылоо — 10» долбоорунун алкагында 2 млрд 200 млн сом насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо — 10» долбоорунун алкагында жыл башынан бери 2 миллиард 200 миллион сом насыя берилди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, каражат үч багыт боюнча бөлүндү. Алар: өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы.

Өлкөдө ишкерлерди текшерген органдардын тизмесин көбөйтүү сунушталды

Өлкөдө ишкерлерди текшерген органдардын тизмесин көбөйтүү сунушталды. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, бизнести текшерүүгө укуктуу мамлекеттик органдардын жаңы тизмесине 15 мекеме кирди. Белгилеп кетсек, 2016-жылы бекитилген тизмеде ишкерлерди текшерген 11 мекеме бар болчу.

Темирлан Сманбеков Ысык-Көл драма театрына жетекчи болду

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрына эмгек сиңирген артист Темирлан Сманбеков жетекчи болуп дайындалды. Маалыматты аталган театрдан билдиришти. Ал буга чейин Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору болуп иштеген.  

Бишкекте улуттук олимпиаданын республикалык этабы жыйынтыкталды

Бишкекте физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча улуттук олимпиаданын республикалык этабы жыйынтыкталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ага жалпы 119 окуучу катышты. Олимпиада окуу жылы ичинде төрт этапта өттү. Анда 75 окуучу байгелүү орунга ээ болду.  

Кыргызстанда 1-майдан 9-майга чейин калкты тейлөө борборлору иштебейт

Кыргызстанда 1-майдан 9-майга чейин калкты тейлөө борборлору иштебейт. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул күндөрү өлкөдө эс алуу күндөрү жарыяланганын, тиешелүү түрдө калкты тейлөө борборлору 10-майда иштей турганын эскертет. Жарандар келе жаткан узак дем алыш күндөрүнө чейин документтерди даярдоого кам көрүшү керек.

Кыргызстандагы төрт кичи ГЭСти модернизациялоону ЕРӨБ каржылашы күтүлүүдө

“Чакан ГЭС” ишканасынын 4 кичи ГЭСин модернизациялоону Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылашы мүмкүн. Долбоор боюнча алдын ала инвестициялык келишимге Энергетика министрлиги менен кол коюлганын бизге ведомстводон такташты. Модернизациялоо аяктагандан кийин орнотулган кубаттуулукту 3,2 МВтка көбөйтүү, ошондой эле станциялардын суу агымын эффективдүү пайдалануунун эсебинен электр… Кененирээк…

Ош шаарындагы менчик стоматологиялык клиникалардын 25и лицензиясы жок иштейт

Ош шаарындагы менчик стоматологиялык клиникалардын 25и лицензиясы жок иштейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын тогузун орто медициналык билими бар дарыгерлер ачкан. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын бардык аймагында жеке стоматологиялык клиникалар менен кеңселердин лицензиялык талаптарга ылайыктуулугу текшерилүүдө. Бул үчүн атайын комиссия түзүлүп, өткөн… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-тилек” өткөрмө бекетинде оор жүк ташыган унаалардын тыгыны жоюла элек

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-тилек” өткөрмө бекетинде оор жүк ташыган унаалардын тыгыны жоюла элек. Novosti.kgге Чек ара кызматынан такташкандай, түшкү саат 3кө карата 270ке жакын машине кезекте турат. Маалыматка ылайык, тыгындын себеби казак тараптын чек арачылары унааларды улам токтотуп коюп жатканы менен байланыштуу. Мисалы, 18-апрелге караган… Кененирээк…

Мамлекеттик кызматкерлер этиканы жана эл алдында сүйлөөнү үйрөнүшүүдө

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер этиканы жана эл алдында сүйлөөнү үйрөнүшүүдө. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тренингдерге министрлердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары – жалпысынан 74 мамлекеттик кызматкер катышууда. Алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүү зарылдыгы тууралуу сунушту Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров киргизген.