Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду

Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, замандаштары жана кеңири коомчулук катышып, Иманалиевдин чыгармачылыгын жана адамдык парасатын эскеришти. Элмирбек Иманалиев 1978-жылы… Кененирээк…

Агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнгөн 10 млрд сомду максаттуу пайдалануу маселеси көзөмөлгө алынат

Агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнгөн 10 миллиард сомду сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу маселеси көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Эске салсак, буга чейин дыйкандарга бөлүнгөн кредитти министрлер менен депутаттардын компаниялары гана алып жатканы айтылган. Белгилеп кетсек, насыянын алкагында өлкөнү азык-түлүктүн 9 түрү менен камсыздоо… Кененирээк…

Түркмөнстанда жаңы президентти даңазалаган ыр сынагы жарыяланды

Түркмөнстанда жаңы президент Сердар Бердымухамедовду даңазалаган ыр сынагы жарыяланды. Жеңүүчүлөргө чоң сыйлыктар убада кылынганын “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди. Конкурс Балкан облусунда уюштурулат. Жергиликтүү бийлик бүтүндөй Түркмөнстан боюнча хит боло турган ырлар жазылат деп ниеттенүүдө. Маалыматка ылайык, жакында президент аталган аймакка барган. Анда аны мактап-жактаган ырлар… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспорто жоголгон буюмдар үчүн кеңсе ачылды

Бишкекте коомдук транспортто жоголгон буюмдар үчүн кеңсе ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, кабинет транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде жайгашкан. Эми коомдук транспортто жоголгон же таап алган буюмдар үчүн шаар кыдырып тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок. Болгону аталган департаментке кайрылып, өтүнүч калтыруу жетиштүү болот.… Кененирээк…

Жоламан Шаршенбеков алгачкы жолу Азия чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков алгачкы жолу Азия чемпиону болду. Ал финалда ирандык Мехди Сейфоллах Мохсен Нежадди 4:0 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды. Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстандын капчыгында учурга карата 3 алтын, 2 коло медаль бар. Күрөш боюнча 19-апрелде башталган Азия чемпионаты 24-апрелге чейин уланат. Ага… Кененирээк…

Куткаруучулар айдоочуларды рулда өтө этият болууга чакырат

Куткаруучулар айдоочуларды рулда өтө этият болууга чакырат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн жана эртең аба ырайынын начарлашына, жаан-чачынга жана шамалга байланыштуу жол кыймылынын кыйындашы, ошондой эле унаа тыгындары жана өзгөчө кырдаалдар пайда болушу күтүлөт. Айдоочулар ылдамдыкты чектен ашырбай, жол эрежелерин так сактоосу зарыл.

Ордо калаадагы №37 мектепте кошумча имарат курулат

Ордо калаадагы № 37 мектепте кошумча имарат курулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, үч кабаттуу имарат 525 орунга чакталат. Анда окуу бөлмөлөрү, ашкана, спорт залы, медициналык кабинет, лабораториялар жана башка жайлар каралган. Мектепте спорт аянтчасын жана сейил багын куруу да пландалууда. Курулуш иштерине каражат мамлекеттик… Кененирээк…

Орозо айттын так датасы белгилүү болду

Орозо айттын так датасы белгилүү болду. Кыргызстанда 2-май күнү Орозо айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Майрам ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет. Эске салсак, быйыл Орозо 2-апрелде башталган. Ал эми Кадыр түн 26нан 27-апрелге караган түнү белгиленет.

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлөт. Мындай макулдашууга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеген Кыргызстандын делегациясы менен аталган банк өкүлчүлүгүнүн АКШдагы жолугушуусунда жетишилди. Кол коюлган келишимге ылайык, Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 миллион доллар, суу чарба кызматтарын жакшыртууга 100 миллион доллар берилет.

Москвада биринчи жолу хинкали жеш боюнча чемпионат болду

Москвада биринчи жолу хинкали жеш боюнча чемпионат болду. Даамдуу салгылашууда маарага 13 адам жетти. Эрежеге ылайык, бир-эки мүнөттө мүмкүн болушунча көбүрөөк грузин пельменин жеш керек болчу. Натыйжада, жеңишке Андрей Тюрнин аттуу адам ээ болуп, байгеге жарым миллион рубль алды.