Каржы министрлиги Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 2 млрд сом берет

Каржы министрлиги Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 2 миллиард сом берет. Долбоорду ишке ашыруу үчүн министрликтен насыя алууга макулдук “Чакан ГЭС” ишанасынын акционерлеринин кезексиз жыйынында жетишилди. Белгилеп кетсек, буга чейин Таластагы аталган гидроэлектростанцияны толугу менен орус-кыргыз өнүктүрүү фонду каржылай турганы маалымдалган. Бул үчүн фонд… Кененирээк…

Айпери Медет кызы алгачкы жолу Азия чемпиону болду

Айпери Медет кызы алгачкы жолу Азия чемпиону болду. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка ылайык, ал Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча чемпионатта кыз-келиндер күрөшүнөн финалда япониялык Юка Кагамини 5:3 эсебинде жеңип алды. Ал эми дагы бир балбан Мээрим Жуманазарова аталган чемпионатта күмүш медаль тагынды. Ал алтын… Кененирээк…

Талас шаарында быйыл кийим тиккен ири цех курулат

Талас шаарында быйыл кийим тиккен ири цех курулат. Бизге шаардык мэриядан билдиришкендей, долбоор облусту өнүктүрүү фондунан 70 миллион сомго каржыланат. Андан ташкары мэриянын бюджетинен 800 миӊ сом бөлүнөт. Фабрика ишке берилсе 1000 жумушчу иш менен камсыз болот.

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Монголиядагы чемпионатта ал алтын үчүн кармашта казакстандык Мадина Бакбергеновага 2:3 эсебинде жеңилип калды. 23 жаштагы Мээрим Жуманазарова ушуну менен экинчи жолу кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыгып жатат. Эске салсак, 19-апрелде башталган күрөш боюнча Азия чемпионаты 24-апрелде… Кененирээк…

Ажылык сапар быйыл 1000 долларга кымбат болушу мүмкүн

Ажылык сапар быйыл 1000 долларга кымбат болушу мүмкүн. Аталган сапарды уюштуруу боюнча штабдын маалыматына караганда, зыяраттын баасы 4 миң 500 доллар болушу күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, Сауд Арабиясы быйылкы сапарга Кыргызстан үчүн 2 миң 766 квота бөлдү. Зыяратчылар төлөмдү 25-апрелден 30уна чейин жүргүзүшү керек. Талапка ылайык,… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлиги бардык процесстерди санариптик форматка өткөрүүдө

Саламаттык сактоо министрлиги бардык процесстерди санариптик форматка өткөрүүдө. Мекеменин маалыматына ылайык, медициналык кызматкерлердин жана саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптималдаштыруу үчүн 14 отчеттук статистикалык формасы кыскартылды. Мындай иш-чаралар 2022-24-жылдарга карата “Санариптик саламаттык сактоонун максаттык моделин өнүктүрүүнүн” алкагында жүрүүдө.

Кыргызстанда депутат болуш үчүн жогорку билим болуш керек деген талапты жокко чыгаруу сунушталды

Кыргызстанда депутат болуу үчүн жогорку билим болуш керек деген талапты жокко чыгаруу сунушталды. Бул тууралуу мыйзам долбоорун парламенттин 6 депутаты демилгелеп, коомдук талкууга коюлду. Демилгечилер Кыргызстандын Конституциясына таянып, жарандар бирдей укуктарга, эркиндиктерге жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгилешүүдө. Эске салсак, былтыр кабыл алынган «Президентти жана… Кененирээк…

Өзбекстанда бир күндө 40ка жакын чиновник кызматтан алынды

Өзбекстанда бир күндө 40ка жакын чиновник кызматтан алынды. Шавкат Мирзиёевдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алардын арасында район, шаар башчылары, алардын орун басарлары, прокурорлор, ички иштер бөлүмүнүн башчысы, салык кызматынын жетекчилери бар. Аткаминерлер ээлеген кызматына ылайык келбегендиктен иштен кетишти.  

Бишкекте троллейбус айдагандар күн сайын милдеттүү түрдө наркологдун текшерүүсүнөн өтүүдө

Бишкекте троллейбус айдагандар күн сайын милдеттүү түрдө наркологдун текшерүүсүнөн өтүүдө. Мэриядан билдиришкендей, алардан тышкары механиктер да медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болушат. Айдоочулар каттамга чыгуунун алдында дене табы текшерилип, кан басымы өлчөнөт. Белгилеп кетсек, Бишкек троллейбус башкармалыгында 260 айдоочу бар.

Швейцария Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоо үчүн дээрлик 500 миң доллар бөлөт

Швейцария Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоо үчүн дээрлик 500 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Анын алкагында, 1200гө жакын кары кишилердин жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдардын жашоо шарттары жакшыртылат. Долбоор Бириккен улуттар уюумунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан Эмгек министрлиги менен тыгыз… Кененирээк…