Таласта жамгырдан улам короолорду суу каптады
Талас шаарында 22-апрелде кечке жуук мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен үйлөрдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти. Он турак жайдын короо-сарайларына, үч турак жайдын жертөлөсүнө, үч көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерине суу кирген. Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектептин айланасын суу… Кененирээк…