Кытайда адамдарды издөө үчүн робот-чычкан пайда болду

Кытайда адамдарды издөө үчүн робот-чычкан пайда болду.   Аппарат өтө чоң эмес көлөмгө жана буттардын ордуна дөңгөлөктөргө ээ. Бул ага кичинекей жылчыктарга дагы кирип кетүүгө шарт түзүп, издөө иштерине жеңилдик берет.   Робот чуркоого, отуруп турууга, жыгылгандан кийин кайра туруп кетүүгө жөндөмдүү. Робот-чычкан сыноодон ийгиликтүү… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы жок болот. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Салиева, Сыдыков, Сүйүмбаев, Киев, Матросов, Жантошев, Күрөңкеев, Осмонкул көчөлөрүндө, Учкун жаңы конушунда жана 5-6-кичи райондордо өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Баткен облусунун тургундарына техникалык паспорттор жана мамлекеттик актылар акысыз берилип баштады

Баткен облусунун тургундарына техникалык паспорттор жана мамлекеттик актылар акысыз берилип баштады.   Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, мындай чечимди Министрлер кабинети чек арага жакын аймактардын тургундарына жардам берүү максатында кабыл алды. Учурга карата Баткен районунда 74, Лейлек районунда 334 документ тапшырылды. Бул жаатта иштер дагы улантылат, — … Кененирээк…

Бардык министрликтер Бишкектин түштүк тарабына көчүрүлөт

Бардык министрликтер Бишкектин түштүк тарабына көчүрүлөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Өлкө башчынын айтымында, шаар калкынын саны өсүп, тыгындар дагы көбөйүүдө.   Андыктан, президенттик администрациясын жана министрликтердин имараттарын көчүрүү чечими кабыл алынды.   Жапаров ишендиргендей, курулуш иштери кийинки жылы башталат жана… Кененирээк…

Кыргызстан туристтик сезонго чейин дүйнөнүн бардык жарандары үчүн чек араларын ачат

Кыргызстан туристтик сезонго чейин дүйнөнүн бардык жарандары үчүн чек араларын ачат. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти. Тизмени кеңейтүү боюнча сунуш министрлер кабинетине жөнөтүлдү.   Ага ылайык, департамент коронавирус боюнча чектөөлөрдү толугу менен алып салып, же максималдуу түрдө жеңилдетүүнү сунуштады. Буга туристтердин көбү вакцина алгандыгы жүйөө… Кененирээк…

Ошто Ыйык орозо айына карата коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү акысыз ташууда

Ошто Ыйык орозо айына карата коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү акысыз ташууда.   Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, мындай акция №107, 127, 125, 142-маршруттук линияларда жүрүп жатат. Муниципалитеттен белгилешкендей, орозого карата жүргүнчүлөрдү жол киресиз ташуу салты жыл сайын уланып келет.

Кыргызстанга Токаев менен Мирзиёев келет

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанга 26-майда Казакстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылары расмий сапары менен келерин «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Журналист президенттен жаңы салына турчу Ак үй тууралуу сурап жатып, акыркы убакта чет мамлекеттерден жогорку даражалуу мейман келе электигине токтолгон. «Чакырсаң баары эле келет. Аларды… Кененирээк…

Кыргызстанда бул иш жумасы бир күнгө узак болот

Кыргызстанда бул иш жумасы бир күнгө узак болот. Буга чейин Министрлер кабинетинин чечими менен 30-апрель расмий түрдө иш күнү деп жарыяланган. Анын ордуна кыргызстандыктар 1-майдан 9-майга чейин катары менен 9 күн эс алышат.   Андан тышкары, 14-майга туш келген ишемби дагы жумуш күнү болот.

Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга  19 миллион евро бөлүп берет

Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга  19 миллион евро бөлүп берет. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети жактырды.   Ага ылайык, каражаттын 14 миллиондон ашыгы 15 жылдык мөөнөткө   1 пайыз үстөгү менен насыя катары, 3… Кененирээк…

Жаңы жылга чейин өлкөнүн бардык тармактагы кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

Жаңы жылга чейин өлкөнүн бардык тармактагы кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Буга президент Садыр Жапаров ишендирүүдө.   Өлкө башчы “Кабар” агенттигине берген маегинде билдиргендей, жылдын экинчи кварталында бардык тармактарда маянаны жогорулатуу пландалып жатат.   Эске салсак, 1-апрелден тарта мугалимдердин, актерлордун жана китепкана кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга көбөйтүлдү.… Кененирээк…