Социалдык тармактарда активдүү эмес адамдар жумушка оңой орношот

Социалдык тармактарда активдүү эмес адамдар жумушка оңой орношот. Окумуштуулардын пикиринде, компаниялардын ээлери жупуну жана жөнөкөй адамдарды жактырат.   Эксперттер далилдешкендей, бейтараптуу статустарды чыгарган, активдүү эмес колдонуучулар адатта берешен болуп, жардамга шашкандар. Ал эми социалык тармакта байлыгын, сулуулугун, жакшы жана кызыктуу жашоосун көрсөтүүгө ашыккандар — өзүмчүл… Кененирээк…

Министрлер кабинети Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоодо ар бир аппарат үчүн 700 сомдон алуу талабынан баш тартты

Министрлер кабинети Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоодо ар бир аппарат үчүн 700 сомдон алуу талабынан баш тартты. Санариптик өнүктүрүү министрлиги даярдаган мыйзам долбоордон мындай жобо алынып салынды.   Документке ылайык, уюлдук түзүлүштөрдү каттоо лицензия берилүүчү ишмердик болуп саналбайт. Бул ченем жеке компаниялардын атынан идентификациялык оператордун болушун… Кененирээк…

Бишкекте ысык суу качан өчүрүлө турганы белгисиз

Бишкекте ысык суу качан өчүрүлө турганы белгисиз. Бул маселе карала элек, андыктан, так маалымат май майрамдарынан кийин берилет, — дешти муниципалитеттин басма-сөз кызматынан.   Эске салсак, жыл сайын май айында ордо калаада ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул убакыт аралыгында түтүктөрдү оңдоо, жылуулук сезонуна даярдык… Кененирээк…

Өлкөгө оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат берүү демилгеси колдоо тапкан жок

26-апрелде айрым депуттар тарабынан демилгеленген оң рулдуу автоунааларды өлкөгө ташып келүүгө уруксат берүү мыйзам долбоору колдоо тапкан жок. Жогорку Кеңештин депутаттары бул мыйзам долбоорун бүгүн, 26-апрелде Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында карап, колдогон жок.   Өз кезегинде Ички… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Ведомство маалыматына ылайык, эртең, 27-апрелде өлкөнүн басымдуу аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаайт.   Андан улам, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Жарандарга этият болуу сунушталат.

Бишкекте Буденный көчөсү убактылуу жабылат

Бишкекте Буденный көчөсү убактылуу жабылат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 27-апрелде анын Чоң Чүй каналдан Славян көчөсүнө чейинки тилкесинде канализациялык тармактарды оңдоо иштери жүргүзүлөт.   Анын алкагында узундугу 310 метрди түзгөн түтүктөр өткөрүлөт. Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Чолпон-Ата, Лермонтов көчөлөрү сунушталат.

Twitter социалдык тармагы 44 миллион долларга сатылды

Twitter социалдык тармагы 44 миллион долларга сатылды. Эми анын жаңы ээси  SpaceX жана Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск. Тиешелүү келишимге бүгүн кол коюлат.   Буга чейин Маск жана Twitter’дин өкүлдөрү чогулуп, социалдык тармактын 43 миллиард долларга сатылышын талкуулашкан.

Жети-Өгүз районунун тургуну Саруу айылдык сейил багына 1 миңден ашык көчөт отургузду

Жети-Өгүз районунун тургуну Саруу айылдык сейил багына 1 миңден ашык көчөт отургузду. Кызыл-Суу айылынын тургуну Алибек Алышпаевдин бул демилгесин ишке ашыруу үчүн айыл-өкмөтү тарабынан көптөн бери каралбай калган сейил бак бөлүнүп берилген.   Тургун бул жерге ийне жалбырактуу Тянь-Шань, Сибирь, көк, кызыл карагайлайрын жана жазы… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар кармалды

Ысык-Көл облусунда кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар кармалды. Бул тууралуу аймактык милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Теплоключинка айылынын 37 жана 47 жаштагы тургундарында эки аюнун жана ак илбирстин терилери, баш сөөгү табылды.   Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Кыргызстанда өндүрүлгөн автобустардын баасы базар баасынан 40-50 миң долларга кымбат

Кыргызстанда өндүрүлгөн автобустардын баасы базар баасынан 40-50 миң долларга кымбат. Андыктан, мэрия жергиликтүү өндүрүштөгү транспортту сатып алуудан баш тартты, — дешти муниципалитеттин басма-сөз кызматынан.   Белгилеп кетсек, өлкөдө алгачкы ирет өндүрүлгөн автобустун узундугу 12 метрди түзүп, ал 35 орундук менен жабдылып, жалпысынан 115 жүргүнчүнү батыра… Кененирээк…