Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет. Бир жолку материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, согуштун катышуучуларына, согуш майыптарына, тыл эмгекчилерине жана Ленинград блокадачыларына каржылык жардам берилет. 100 миң сомдон тышкары, 9-майда дагы ар бир… Кененирээк…

Мыйзам бузган кооператив жетекчилерин жазага тартуу күчөтүлөт

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков менен турак жай кооперативдеринин өкүлдөрү жолугушуп, «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча талкуу өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 27-апрелде маалымдады.   Мекеме тараткан видеодо Орозбек Сыдыков 10-майга чейин «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар кабыл алынарын кабарлады. Анын… Кененирээк…

Мамлекеттик мүлктү менчикке берүү жагдайын депутаттык комиссия иликтейт

Жогорку Кеңеште 27-апрелде «Элдик» депутаттар тобунун сунушу менен мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорду жана улутташтырылган объектилерди башкаруунун натыйжалуулугун иликтеген убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Ушул айдын ортосунда «Элдик» депутаттар тобу бул маселени караган жана анда жыл ичинде бир дагы мамлекеттик мүлк менчиктештирилбегени белгилүү болгон. Анда Мамлекеттик… Кененирээк…

Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги каралууда

Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министри кызмат ордуна Жээнбек Кулубаевди дайындоо сунушу каралууда. Буга чейин Жогорку Кеңештин профилдик комитети Кулубаевдин талапкерлигин жактырган.   Жээнбек Кулубаев буга чейин тышкы саясий ведомство жаатында 30 жылдан бери эмгектенип келет. Ал президенттин тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Бишкекте жана Чүй облусунда алдыңкы бир саатта катуу шамал болот

Бишкекте жана Чүй облусунда алдыңкы бир саатта катуу шамал болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет эскертет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.   Жарандарга жеңил конструкциялардын алдынан өтпөй, унааларды бактардын алдына токтотпоо сунушталат.

Орозо айт жокко чыгарылганы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Орозо айтты белгилөөгө бийлик тыюу салганы тууралуу маалыматтар негизсиз экенин билдирди. Ал 27-апрелде Фейсбуктагы баракчасына: «мессенжерлерде жана социалдык тармактарда «Орозо айтты майрамдоого, бул күнү мал союуга бийлик тыюу салды» делген аудиотасма тарап жатат. Бул аудиожазуу чагымчыл экенин… Кененирээк…

Ашхабадда аялдарга унаанын алдыңкы орундугуна отурууга тыюу салынды

Ашхабадда аялдарга унаанын алдыңкы орундугуна отурууга тыюу салынды. turkmen.news жазгандай, мындай талап таксиге гана эмес, мамлекеттик жана жеке унааларга дагы тиешелүү.   Аял туугандык байланышына карабастан, эркектин жанына отурбашы керек. Арткы орундукка дагы экиден ашык жүргүнчү түшпөйт деген талап киргизилди. Мындай эрежелерди ким чыгарганы жана… Кененирээк…

Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде лидерлик позициясын сактап калды

Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде лидерлик позициясын сактап калды. Жаңыланган тизме Монголияда өткөн чемпионаттын жыйынтыгы менен жарыяланды.   Анда Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, күмүш медаль багындырды. Бул жыйынтык менен ал 91 миң 600 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде биринчи ордун сактап калды.

Чет мамлекеттерге баруу үчүн ПЦР-тест тапшыруу дагы эле милдеттүү

Чет мамлекеттерге баруу үчүн ПЦР-тест тапшыруу дагы эле милдеттүү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет.   Ведомстводон белгилешкендей, чек арадан өтүүдө жана аэропорттордогу көзөмөл учурунда коронавирустун жоктугун тастыктаган маалымкат же вакцина паспорту талап кылынат.   Айрым мамлекеттерде беткап тагынуу, аралыкты сактоо жана санитайзер колдонуу сыяктуу… Кененирээк…

Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды. Рейтинг Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатынын жыйынтыгынын негизинде түзүлдү.   Анда Айпери Медет кызы алтын медалды багындырган. 76 килограмм салмак категориясында биринчи орунга америкалык Аделина Грей жайгашты.