Мюнхендик “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски командада карьерасын жыйынтыктайт

Мюнхендик “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски командада карьерасын жыйынтыктайт. Оюнчунун айтымында, “анын Бавариядагы мезгили өттү”. Учурда ал башка клубга өтүү трансферин караштырууда.   Эске салсак, Левандовскинин “Бавария” менен келишими эмки жылдын жайында аяктайт.

9-июнда ордо калаа мектептеринде Акыркы коңгуроо кагылат

9-июнда ордо калаа мектептеринде Акыркы коңгуроо кагылат. Мэриядан эске салышкандай, бул күнү кафе-ресторандарда, эс алуу бактарында, жаратылыш койнунда жана мектеп имаратында майрамдоого тыюу салынат.   Бул буйрукту аткарбагандар аныкталса, катуу чара көрүлөт. Салтанаттуу линейкадан кийин окуучулардын ден-соолугуна жана өмүрүнө жоопкерчилик ата-энелерге жүктөлөт.

Түркмөнстан кыргызстандык жүк ташуучуларга чек араларын ачууда

Түркмөнстан кыргызстандык жүк ташуучуларга чек араларын ачууда. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, эртеңден тарта чет элдик унаалар Түркмөнстан аркылуу Иранга өтө алат.   Башкы талап – бардык эрежелер аткарылышы керек. Ведомстводон белгилешкендей, Түркмөнстан коронавирус пандемиясы башталганда чек араларын жапкан.   Бул кыргызстандык айдоочуларга ыңгайсыздыктарды… Кененирээк…

Испанияда 19 жаштагы бийкеч бир учурда жолугушууга 6 жигитти чакырды

Испанияда 19 жаштагы бийкеч бир учурда жолугушууга 6 жигитти чакырды. Алар менен кыз Тиндер тиркемесинен таанышкан. Жигиттер клубга келип, алардын атаандаштары бар экенинен кабары да болгон эмес.   Бардыгы менен баарлашууга жетишүү үчүн ал бирине дааратканага барам деп, экинчисине келип турган.   Бирок кызга алты… Кененирээк…

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин көчмө топтору Чүй, Баткен, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында иштеп жатат

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин көчмө топтору Чүй, Баткен, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында иштеп жатат. Адистер аталган аймактардын тургундарына жеринен кызмат көрсөтөт.   Алсак, жарандар паспорт алууга арыз бере алышат. Иштер 3-июнга чейин уланат.

Калың жааган кардан улам Жети-Өгүз районундагы Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолу убактылуу жабылды

Калың жааган кардан улам Жети-Өгүз районундагы Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка караганда, учурда Сөөк ашуусунан Ак-Шыйрак айылына каттоочу жолго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктар кымбаттайт

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктар кымбаттайт. Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, 1-июлдан тарта бул суусундуктарга акциз салыгы киргизилет.   Мындай тартип жергиликтүү жана импорттолгон продукцияга тиешелүү болот. акциздин ставкасы 1 литрине 10 сомду түзөт. Ведомстводон белгилешкендей, кеп алкоголсуз, курамында кофеин жана башка сергитүүчү заттар бар суусундуктар тууралуу болуп… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда. Синоптиктердин маалыматына ылайык, мындай абал алдыдагы бир нече күн бою сакталат. Ошондой эле, туруксуз аба-ырайы жана жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.   Андыктан, жарандарга этият болуу сунушталат.

Ордо калаада №40 мектептин кошумча корпусунун курулушу уланууда

Ордо калаада №40 мектептин кошумча корпусунун курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, имарат 500 окуучуга чакталат. Окуу корпустан тышкары, анда акты залдары, хореография жана спорт залдар, китепкана жана ашкана каралган.   Долбоорду ишке ашыруунун баасы дээрлик 300 миллион долларды түзөт. Муниципалитеттен кошумчалашкандай, мектептин негизги имаратында орундар… Кененирээк…

Бишкектин борбордук бөлүгү эртең транспорт кыймылына жабылат

Бишкектин борбордук бөлүгү эртең транспорт кыймылына жабылат.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Чүй проспектисинин Турусбековдон Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилке, Абдрахмановдон Чүй-Фрунзе тилкеси, Фрунзе көчөсүнүн Абдрахмановдон Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүк жабык болот.   Чектөөлөр таңкы саат 7ден түшкү 12ге чейин киргизилет. Бул… Кененирээк…