Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин алгачкы отуруму өттү

29-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин I отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Баткен шаарында уюштурулган иш-чарада 2021-2035-жылдарга карата Баткен облусун өнүктүрүүнүн жол картасын ишке ашыруу маселеси талкуулады.   Эскерте кетсек, Баткен облусун… Кененирээк…

Түркмөнстан Голливуд каармандары түшүрүлгөн кийимдерге тыюу салды

Түркмөнстандын Балкан облусундагы бала бакчаларда «Голливуд» жана «Дисней» мультфильмдеринин каармандары түшүрүлгөн кийимдерди кийүүгө тыюу салынды. Ошондой эле аймактагы дүкөндөргө чет элдик тасмалардын каармандарынан жасалган куурчактарды сатууга болбойт. Бала бакчалардын тарбиялануучулары эми окшош форма кийип жүрүүгө милдеттүү.   Мындай эреже кеминде төрт бала бакчада киргизилгени маалым… Кененирээк…

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин бардык бөлүмдөрү майрам күндөрү иштебейт

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин бардык бөлүмдөрү майрам күндөрү иштебейт. Ведомство маалыматына ылайык, 1-майдан 9-майга чейин кызматтын бардык бөлүмдөрү жабык болот.   Айдоочуларга кызмат көрсөтүү 10-майда жанданат.

Бишкекте эртең Айт намазга байланыштуу бир катар көчөлөр кыймылга жабылат

Бишкекте эртең Айт намазга байланыштуу бир катар көчөлөр кыймылга жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, 2-майда таңкы саат 4төн 8ге чейин Фрунзе, Чүй, Панфилов, Логвиненко жана Тыныстанов көчөлөрүн бириктирген тилке тосулат.   Муниципалитет тыгындарды алдын алуу максатында, айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алууну сунуштайт.

Тышкы иштер министри болуп Жээнбек Кулумбаев дайындалды

Тышкы иштер министри болуп Жээнбек Кулумбаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары бир добуштан колдошкон.   Кулумбаев өлкө башчы администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген. Ал эми мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-апрелде кызматынан бошотулду.

Россия кыргызстандыктарга чек арасын ачууда

Россия кыргызстандыктарга чек арасын ачууда. 16-майдан тарта Кыргызстан жарандары Россиянын мамлекеттик чек араларынан унаа менен кире алат, — деп маалымдалат аталган  өлкөнүн өкмөтүнүн расмий сайтында.   Мындай чечим коронавирус боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул эпидемиологиялык абалдын жакшырганына байланышуу.   Бирок чек араны өтүүдө… Кененирээк…

Милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Май айындагы майрамдар учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, ар кандай кылмыштуу көрүнүштөргө каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ар түрдүү кырдаалдарга болгон көзөмөлдү күчөтүү максатында министрликтин өздүк курамы 30-апрелден 10-майга чейин күчөтүлгөн… Кененирээк…

Кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жыйынында протоколго кол коюлду

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын соңунда тийиштүү протоколго кол коюлду. Эки өлкө өкмөт башчылары кол койгон документте кыргыз-казак экономикалык кызматташытыгы, “Ак-Тилек” (Кыргызстан) жана “Кара-Су” (Казакстан) чек ара өткөрмө бекетерине соода-логистикалык комплекс салуу жана ал жерди эркин экономикалык аймак катары түзүүнү караштыруу жана технология жаатында алаканы… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөө 24-майда башталат

Жалпы республикалык тестирлөө 24-майда башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, сынактын 1-этабы 24-25-майда, 2-этап  27-28-майда, ал эми үчүнчү этап 24-25-июнда өтөт.   Акыркы этапка негизги тестирлөөгө жүйөөлүү себептер менен сынакка катыша албай калгандар катталат. Ведомстводон эскертишкендей, жогорку окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110, предметтик тестте… Кененирээк…

Жергиликтүү соттордо ротация башталды

Президент Садыр Жапаровдун 30-апрелдеги жарлыгы менен жергиликтүү соттордун айрым судьялары башка жакка которулду. Президенттин сайтында жазылгандай, бул кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциянын алдын алуу, жергиликтүү судьялардын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү. Маалыматта айрым судьялар Жогорку сот төрагасы Замирбек Базарбековдун сунушуна ылайык башка жактарга которулганы жазылган. Жарлыкта… Кененирээк…