Ошто 30 адам таттуу токочко ууланды. Арасында балдар дагы бар

Ошто кондитердик азыктан 30дан ашуун адам ууланды. Бул маалыматты Ош облустук санэпидкөзөмөл борборунун адистери тастыктады. Мекеменин берген маалыматына ылайык, уулангандардын 18и чоң кишилер, калганы балдар. Алардын үчөө оор абалда облустук ооруканада дарыланып жатат. Окуя кечээ, 1-май күнү, катталган. Жабырлануучулардын саны дагы өсүшү мүмкүн деп болжолдонууда.… Кененирээк…

Көлмө конушунда фельдшердик-акушердик түйүн ачылат

Бишкектеги Көлмө конушуна фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) салынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Биринчи май районунун акимиаты жаңы конуштардын инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча кайрымдуулук уюмдар менен иш алып барууну улантууда. «Аталган конушта ФАП куруу үчүн Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов менен коомдук кайрымдуулук… Кененирээк…

Бишкекте айт намазга 35 миңге чукул киши келди

Борбор калаадагы эски аянтка айт намазын окуу үчүн 35 миңге чукул киши келгендигин Бишкек шаардык милициясынан кабарлады. 2020-2021-жылдары коронавирустан улам айт намаз мечитте гана окулуп келген.   Буга чейин мэрия аталган жерге 10 миңге чукул адам келерин божомолдогон.

Акыйкатчы жарандарды онлайн кабыл ала баштады

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды жеке маселелери боюнча онлайн кабыл алып, Чүй облусунун Токмок, Кара-Балта, Кемин, Шопоков шаарларынан, Н. Крупская атындагы айылдан 29 адамдын арыз-муңун укту. Мындан тышкары Аламүдүн районунун “Панарома” конушунун 40тай тургуну чогуу Акыйкатчы менен онлайн сүйлөштү. Жарандардын кайрылуулары негизинен жер-укуктук талаштар, тастыктоочу документтердин… Кененирээк…

Таластагы корукка Алтайдан маралдар алып келинди

Таластагы Беш-Таш коругуна Орусиянын Алтай аймагынан алып келинген 35 марал кое берилди. Алар атайын «35 марал» деген долбоордун негизинде алып келинген. Долбоорду ишке ашырууга «Бакубат Талас» фонду жана «Альянс Алтын» ишканасы колдоо көрсөтүп, 2,5 миллион сом берген. Облустук бийликтин маалыматына караганда, Таласта маралдарды багуу илимдер… Кененирээк…

Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын эсебинде 2-май күнкү майрамдык намазга болжол менен элүү миңдей киши чогулду. Президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер да майрамдык жөрөлгөгө катышышты.   Коомдук коопсуздукка милиция кызматкерлери көз салып турушту. Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы президенттик админстрациянын алдындагы эски аянтта 2020-жылга… Кененирээк…

Бишкек мэриясы Жеңиш күнүн майрамдоо программасын жарыялады

Бишкек мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоого карата пландалган иш-чаралар тууралуу маалымдады. Расмий кабарга ылайык, 4-майда Дайыр Асанов атындагы сейил багында митинг-реквием, ардагерлерге арналган концерт болот. 5-майда “Жеңиш ырлары” автожүрүшү өтөт.   9-майда түштө майрамдык концерт, Жеңиш аянтында түрдүү иш-чаралар болот. Ушул… Кененирээк…