Кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын үч жараны каза болду

Кыргызстандын үч жараны Өзбекстандын чек арачыларынын огунан каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы бүгүн, 6-майда кабарлады. Расмий маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына 5-майда курал колдонушкан. Натыйжада 1974-жылы,… Кененирээк…

9-майда Бишкекте “Өлбөс полктун” жүрүшү болот

9-майда Бишкекте “Өлбөс полктун” жүрүшү болот. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, салттуу жүрүш эртең мененки саат 9да башталат. Катышуучулар Түштүк дарбазадагы эс алуу багынан Байтик Баатыр көчөсү менен Фрунзе көчөсүнө чейин басып келет.   Акция Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюу менен жыйынтыкталат.   Мэрия бул күнү… Кененирээк…

Кыргызстандын авиакомпаниялары бааларды жана тарифтерди сом менен көрсөтүүгө милдеттендирилди

Кыргызстандын авиакомпаниялары бааларды жана тарифтерди сом менен көрсөтүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришти.   Компанияларга расмий түрдө эскертүү берилди, алар 25-майга чейин бардык бааларды жана тарифтерди сомго өткөрүшү керек. Болбосо, физикалык жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сомго… Кененирээк…

Бишкек милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштөөсүн улантууда

Бишкек милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштөөсүн улантууда. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, тартип сакчылар май майрамдарында коомдук коопсуздукту камсыздап жатат.   Жалпысынан, Бишкекте абал тынч. Кандайдыр бир коркунучтар жаралса, жарандар дароо милициянын жакынкы бөлүмүнө же 102 номерине кайрылышы керек. Эске салсак, май майрамдарына карата… Кененирээк…

Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөргө күн батареялары берилиши мүмкүн

Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөргө күн батареялары берилиши мүмкүн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.   Чиновниктин айтымында, күн батареялары кирешеси аз үй-бүлөлөрдү акысыз электр энергиясы менен камсыздайт. Андан тышкары, долбоор ашыкча электр энергиясын мамлекетке сатуу мүмкүнчүлүгүн дагы тартуулайт.

Өлкөнүн ири соода тармактарында өсүмдүк майынын баасы арзандаганы байкалууда

Өлкөнүн ири соода тармактарында өсүмдүк майынын баасы арзандаганы байкалууда. Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, буга чейин министрлер кабинети бул азыкты кошумча нарк салыгынан бошоткон.   Андан кийин ведомство ири соода объектилерине майдын баасын арзандатуу эскертүүсүн берди.   Мониторингде белгилүү болгондой, дүкөндөрдө азыктын… Кененирээк…

Аргентиналык футболчу Диего Марадонанын футболкасы рекорддук суммага сатылды

Аргентиналык футболчу Диего Марадонанын футболкасы рекорддук суммага сатылды.  Легендарлуу оюнчу аны 1986-жылкы дүйнө чемпионатынын алкагында Англия курамасынын дарбазасына “тарыхый голун” киргизгенде кийип чыккан.   Бул футболка 9 миллион 300 миң долларга сатылды. Бул спортчулардын сатыкка чыгарылган кийими арасында эң кымбаты болуп калды.

Бишкекте Сүйүмбаев көчөсү транспорт кыймылына жабылды

Бишкекте Сүйүмбаев көчөсү транспорт кыймылына жабылды.   Мэриянын маалыматына ылайык, анын Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде жылуулук тармагынын түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлөт.   Жумуштар 24-майга чейин созулат. Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Гоголь, Осмонкул көчөлөрү сунушталат.

Ош облусунда милициянын көчмө түйүндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Ош облусунда милициянын көчмө түйүндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.   Аймактык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорун кыдырууда. Укук коргоочулар жарандар менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, арыз-даттанууларды кабыл алып жатат.   Мындай рейддер туруктуу негизде уланат, — дешти… Кененирээк…

Кыргызстанда 11-майдан тарта бардык мамлекеттик органдар президент администрациясы менен бир гана электрондук документ алмашуу системасы менен иш жүргүзөт

Кыргызстанда 11-майдан тарта бардык мамлекеттик органдар президент администрациясы менен бир гана электрондук документ алмашуу системасы менен иш жүргүзөт.   Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жаңычылдык бир катар артыкчылыктарга ээ. Алсак, ал документтерди бир маалымат базасында сактоого, тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөгө  шарт түзүп,… Кененирээк…