Бишкекте массалык уулануу болду

Бишкекте массалык уулануу болду. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, уулануу 5-май күнү Чүй кең көчөсү 110 дарегиндеги «Эл эмне жейт?» тез татым жайында болуп, анда 11 адам шаурма жегени аныкталган. «Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, 13 000 сом айып салуу… Кененирээк…

Быйыл дүйнөнүн 88 өлкөсүндө «Өлбөс полк» акциясы өтөт

«Өлбөс полк» акциясы 88 өлкөдө өтүп, эл жүрүшкө чыгат. Бул тууралуу Россия ТИМинин маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары Алексей Зайцев билдиргенин РИА Новости жазды. Ал Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоо иш-чараларына 130 өлкө даярдык көрүп жатканын белгиледи. «Биздеги маалымат боюнча, «Өлбөс полк» акциясын өткөрүүгө 88 өлкө даярданып… Кененирээк…

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоого кадам таштады

Бишкекте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуулар өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, 5-7-май күндөрү Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору кезиккен. «Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болду

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болду. Эми билдирүүлөргө реакция калтырса болот. Бул үчүн текстти басып туруш керек, андан кийин анда  6 эмоджи менен диалог бөлүмү чыгат.   Колдонуучу каалаганын жөнөтө алат. Учурда жаңычылдык айрым тестирлөөдөн өтүүдө, жакынкы арада бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болот.

Эртең “Өлбөс полк” акциясынын жүрүшүндө Бишкекте айрым көчөлөр жабылат

Эртең “Өлбөс полк” акциясынын жүрүшүндө Бишкекте айрым көчөлөр жабылат. Кайгуул милициядан билдиришкендей, Токомбаев, Байтик Баатыр, Жумабек, Ибраимов жана Чүй проспектинде кыймылга чектөөлөр киргизилет.   Белгилеп кетсек, ордо калаада “Өлбөс полк” акциясы эртең, 9-майда эртең мененки саат 9дан тушкү 1ге чейин өтөт.   Тыгындарды алдын алуу… Кененирээк…

Кыргызстанда текшерүүнүн жыйынтыгы менен 13 унаа мектеби жабылды

Кыргызстанда текшерүүнүн жыйынтыгы менен 13 унаа мектеби жабылды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, мындай чечим объектилер тиешелүү талаптарга жооп бербегендиктен кабыл алынды.   Дагы 100дөн ашык мектепке жалпы суммасы 673 миң сомдук айып салынды. Жол кырсыктарын азайтууга багытталган текшерүүлөр дагы улантылат, — дешти… Кененирээк…

Бишкектин район акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейтилди

Бишкектин район акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейтилди. Тиешелүү токтомго ордо калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.   Эми райондук администрациялар тышкы жарыктандыруу, ирригациялык системалар, жолдор, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана таштанды чыгаруу боюнча иштерге жооптуу болот.   Буга чейин бул функциялар Шаар чарбачылыгы департаментине тиешелүү болчу.… Кененирээк…

9-майда “Өлбөс полк” акциясы Ош шаарында дагы өтөт

9-майда “Өлбөс полк” акциясы Ош шаарында дагы өтөт. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, катышуучулар эртең мененки саат 8 жарымда Ош улуттук драма театрынын жанында чогулат.   Андан кийин согуш ардагерлерин эскерүү жүрүшү старт алат.

Сауд Арабияга зыяратчыларды коштоп барчу ажы башчылары 12-майда сынак тапшырат

Сауд Арабияга зыяратчыларды коштоп барчу ажы башчылары 12-майда сынак тапшырат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Тест учурунда талапкерлерге 100дөн ашык суроо берилет.   Сынактан ийгиликтүү өткөндөр ажылык сапарда зыяратчыларды коштоп жүрөт. Эске салсак, быйыл Сауд Арабия Кыргызстан үчүн ажылык сапарга 2 миң 766 квота бөлүп берди.… Кененирээк…

Каракол аэропортунда жаңы аэробекеттин курулушу башталды

Каракол аэропортунда жаңы аэробекеттин курулушу башталды.   Ага капсуланы президент Садыр Жапаров салды. Өлкө башчы администрациясынын маалыматына ылайык, аэровокзал 2023-жылдын аягында колдонууга берилет.   Анда аэродромдун элементтери жаңыртылып, учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылат. Андан тышкары, терминалдык комплекстин жаңы имараты курулат. Муну менен “Каракол” аба майданында… Кененирээк…