Кыргызстанда 14-май иш күнү болот

Кыргызстанда 14-май иш күнү болот. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен билдиришкендей, келерки ишембиде жарандар өлкөдө узакка созулган каникулдарга туш келген 6-май үчүн иштейт.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бир бөлүгү бир жумага унаа кыймылы үчүн жабылат

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бир бөлүгү 11-майдан 18-майга чейин унаа кыймылы үчүн жабылат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кеп Арал айылынан Казарман айылына чейинки аралыгында болуп жатат. Убактылуу чектөө алдыдагы жаан-чачындарга жана күтүлүп жаткан селге байланыштуу. Ведомство айдоочуларды бул участоктун айланасындагы маршрутту алдын ала пландап алууга… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги 12 жылдык мектепке өтүүнүн болжолдуу мөөнөтүн билдирди

Билим берүү министрлиги 12 жылдык мектепке өтүүнүн болжолдуу мөөнөтүн билдирди. Ведомство жетекчисинин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, жаңы системага 2024-25-окуу жылынан баштап толук өтүүгө болот. Ал ошондой эле министрлик мектептерге 12 жылдык билим берүүнү киргизүү боюнча жол картасын иштеп чыкканын белгиледи. Эске салсак, окутуунун жаңы… Кененирээк…

Олег Попиков Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрликке Олег Попиков дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын директору болуп дайындалды

Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, «Бишкекжылуулукэнерго» ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Белгилей кетсек, Ырсалиев буга чейин турак жай-коммуналдык чарба боюнча… Кененирээк…

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел коркунучу бар

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел коркунучу бар. Синоптиктердин айтымында, буга туруксуз аба ырайы жана нөшөрлөгөн жаан себеп болууда. Жарандар жолго чыгууда мүмкүн болушунча сак болушу керек.

Токтогулдагы суунун көлөмү дээрлик 9,5 млрд кубометрге жетти

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 9,5 миллиард кубометрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда суунун орточо суткалык агып кириши секундасына 1 миң 300 куб метрден ашса, керектөө беш эсеге аз – 245 куб метрди түзүүдө. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда кургакчыл мезгил… Кененирээк…

Кыргызстанда социалдык мааниге ээ товарлардын баасы мурдагы деңгээлде кармалууда

Кыргызстанда социалдык мааниге ээ товарлардын баасы мурдагы деңгээлде кармалууда. Чекене рынокто товардын эч кандай тартыштыгы жок. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Баалардын мониторингинин жыйынтыгында республика боюнча өсүмдүк майынын орточо баасы литрине 127 сомдон 145 сомго чейин өзгөрүп жатканы белгилүү болду. Кант… Кененирээк…

Алайда селдин кесепеттери толугу менен жоюлду

Алайда селдин кесепеттери толугу менен жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан жабыркаган айылдардагы үйлөр, короолор жана социалдык объекттер сел калдыктарынан толук тазаланып бүттү. Эске салсак, бир жума мурун Алай районуна караштуу Корул, Жошолу, Коңур-Дөбө жана Гүлчө айыл өкмөттөрүндө нөшөрлөгөн жамгырдын… Кененирээк…

Санэпидем соода объектилеринде пландан тышкары рейддерди өткөрө баштады

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору базарларда жана башка соода объектилеринде пландан тышкары рейддерди өткөрө баштады. Мындай иш-чаралар Бишкек жана Ош шаарларындагы массалык ууланууга байланыштуу. Белгилеп кетсек, оорулардын алдын алуу департаменти жарандарга тамак-аш сатып алууда сак болууну эскертет. Тагыраагы, тез бузулуучу тамак-аш азыктарын сактоого тиешелүү шарттары жок… Кененирээк…