Бишкекте мектептерди кеңейтүү иштери уланууда
Бишкекте мектептерди кеңейтүү иштери уланууда. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, учурда №20, 73 жана №40 мектептерге кошумча корпус курулуп жатат. Ар бири 500 окуучуга эсептелет. Аларда окуу класстары, спорт зал жана лаборатория кабинеттери каралган.