Бишкекте эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкекте эртең электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Айтматов, Патри Лумумба көчөлөрүндө, Алтын-Ордо, Дордой, Рухий-Мурас, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ала-Тоо, Касым, Достук, Дордой конуштарында жана Тунгуч, 6-кичи райондордо жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстанда коронавирустун бешинчи толкуну июнь-июль айларында күтүлөт

Кыргызстанда коронавирустун бешинчи толкуну июнь-июль айларында күтүлөт.   Бирок ал жеңил өтөт, — деп билдирди Ооруларды алдын алуу департаментинин адиси Султан Суранбаев билдирди.   Ал эске салгандай, өлкөдө апрелдин башында вирус басаңдап, 1-майга карата дээрлик жаңы учурлар катталбай калды. Ооруканаларда COVID-19дан дарыланган бейтаптар жок. Учурда… Кененирээк…

Шри-Ланкада бензин түгөндү

Шри-Ланканын премьер-министри Ранил Викрамасингхе элге кайрылуусунда өлкөдө бир күнгө гана жете турган бензин калганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   Ошол эле учурда Викрамасингхе белгилегендей, бир күн мурда келген дизелдик отундун партиясынан улам дизель майынын тартыштыгы боюнча маселе жарым-жартылай чечилген.   Анын айтымында, Индия… Кененирээк…

Мэрия мектептин дубалына сүрөт тартууга сынак жарыялады

Мэрия мектептин дубалына сүрөт тартууга сынак жарыялады. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Урматтуу шаардыктар, стрит-арт адистери, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү! Имараттардын фасаддарын оңдоонун алкагында Биринчи май районунун администрациясы №54 мектептин (Фучик, 76) сырткы дубалына сүрөт тартууга сынак жарыялайт. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн бир… Кененирээк…

Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын операторлоруна форма берилди

Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын операторлоруна форма берилди. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, парковкалар жол белгилер менен айырмаланып, операторлор кызыл түстөгү форма кийип, атайын бейджик тагынат.   Андан тышкары, алар сөзсүз түрдө төлөм тууралуу чек берет. Расмий жана бирдиктүү тариф – 25 сом.

Кайгуул милиция кызматкерлери дагы эми жол эрежелерин бузуу боюнча токтомдорду үйлөргө жеткирет

Кайгуул милиция кызматкерлери дагы эми жол эрежелерин бузуу боюнча токтомдорду үйлөргө жеткирет.   Ордо калаанын Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден тарта почта бөлүмдөрү 1 миллиондон ашык токтомду ээсин таппай койгондуктан кайтарып берди. Эми буйруктун негизинде милиция рейд өткөрүп, тартип бузуучуларды издейт.… Кененирээк…

Америкалык машина куруучу компания Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп берет

Америкалык машина куруучу компания Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп берет. Бул каражатка айыл-чарба техникасын жаңыртуу пландалууда. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, учурда колдонулуп жаткан жабдуулардын эскилиги жетти.   Мындай техника түшүм чогултуу процессине дагы терс таасирин тийгизет. Америкалык компания өлкөгө каражатты кандай шартта бере турганы азырынча… Кененирээк…

Калкты каттоонун алгачкы жыйынтыгы июль-август айларында белгилүү болот

Калкты каттоонун алгачкы жыйынтыгы июль-август айларында белгилүү болот. Бул тууралуу Novosti.kgге Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Андан такташкандай, учурда адистер чогултулган маалыматты иштеп чыгууда.   Ал эми өнөктүктүн расмий жыйынтыгы ушул жылдын аягына чейин чыгарылат. Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоонун негизги этабы  24-марттан … Кененирээк…

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында электр өткөрүү линияларын куруу уланууда

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында электр өткөрүү линияларын куруу уланууда. Улуттук электр тармактары компаниясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата иштердин 60 пайыздан ашыгы аткарылды.   Курулуштун активдүү фазасы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына туура келет. Долбоорго 150 атайын техника жана 200дөй адис тартылды.

Бүтүрүү кечелерин кафелерде, эс алуу бактарында жана жаратылыш койнунда өткөрүүгө тыюу салынат

Бүтүрүү кечелерин кафелерде, эс алуу бактарында жана жаратылыш койнунда өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон такташкандай, Акыркы коңгуроодон кийин дагы окуучуларга майрамдоого болбойт. Буга мугалимдер жана ата-энелер жооптуу болот. Мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, — дешти министрликтен.   Белгилеп… Кененирээк…