Лионель Месси “ПСЖга” рекорддук киреше алып келди

Лионель Месси “ПСЖга” рекорддук киреше алып келди. Чет элдик спорт басылмалары жазгандай, клуб бул сезонду 700 миллион евро кирешеси менен жыйынтыктайт.   Мессинин “Пари Сен Жерменге” өтүшү клубга 11 жаңы демөөрчүнү тарткан. Алардан түшкөн жалпы киреше 310 миллион еврону түзөт. Бул сезондо клуб футболчулардын миллиондогон… Кененирээк…

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, 20-майда эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин анын Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки тилкеси чектелет. Бул аталган бөлүктө суу түтүктөрүн алмаштыруудан кийин асфальт төшөө иштери аткарылат.   Айдоочулар тыгындарды алдын алуу максатында… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта “Ата-энелер мектеби” ишке кирет

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта “Ата-энелер мектеби” ишке кирет. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, программа этап менен киргизилет. Ар бир райондо жана шаарда жумушчу долбоор менен бала бакчалар жана мектептер тандап алынат.   Аларда бир айда бир жолу ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатуу боюнча сабактар өткөрүлүп турат.  … Кененирээк…

Бишкекте алдыңкы сааттарда катуу шамал болот

Бишкекте алдыңкы сааттарда катуу шамал болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына  20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Андыктан, жарандарга зарылчылык жок болсо – сыртка чыгуудан баш тартуу сунушталат.   Жеңил конструкциялардын алдынан өтпөй, унааларды бак-дарактардын алдына токтотпоо керек.

Кыргызстан мектептеринде окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталат

Кыргызстан мектептеринде окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталат. 9-майда Акыркы коңгуроо кагылат, — деп билдиришти Билим берүү министрлигинен. Салтанаттуу иш-чара саат 9да башталып, бардык санитардык жана коопсуздук чаралары сакталат.   Эске салсак, быйыл 11-классты 67 миң окуучу аяктайт. Ал эми 9-классты 106 миң бала аяктап жатат.

Кыргызстанда 84 дарыкана уруксат документи жок иштеп келген

Кыргызстанда 84 дарыкана уруксат документи жок иштеп келген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти фармацевтикалык мекемелердин лицензиясын бар-жогун текшерүү үчүн рейд өткөрүүдө.   Жыйынтыгында — Бишкекте 30, Ошто 37, Таласта 8, Нарында 5, Ысык-Көлдө 4 дарыкана аныкталды. Материалдар прокуратурага өткөрүлдү.

Кадамжайда сел жүрдү

Кадамжайда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен облусунда бүгүн мөндүр аралаш жаан жаагандан кийин кокту-колоттон сел акты.   Жыйынтыгында, райондук милициянын имаратынын жертөлөсүн жана Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн короосун суу каптады.  Ошондой эле, ички жолдор жабыркады. Учурда куткаруучулар тобу тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Эми WhatsApp тайпаларынан билинбей чыгып кетсе болот

Эми WhatsApp тайпаларынан билинбей чыгып кетсе болот. Мессенджердин инженерлери жаңы функциянын үстүндө иштеп жатат. Сервистин бета-версиясында тайпалардан башка катышуучуларга көрүнбөй чыгып кетүү функциясы сыноодон өтүүдө.   Колдонуучу чыгып кеткени тууралуу билдирүү администраторго гана келет. Ал эми учурда тайпадан бирөө чыгып кетсе, дароо бардыгына көрүнөт. Жаңычылдык… Кененирээк…

Бишкектин муниципалдык автобус жана троллейбустарында 1-июлдан тарта накталай төлөм системасы жоюлат

Бишкектин муниципалдык автобус жана троллейбустарында 1-июлдан тарта накталай төлөм системасы жоюлат. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти.   Андан такташкандай, жүргүнчүлөр жол кирени бир гана “Тулпар” картасы менен төлөшү керек болот. Белгилеп кетсек, картаны “Кыргызпочтасы” бөлүмдөрүндө, уюлдук операторлордун кеңселеринде же айдоочулардан сатып алса болот. Баасы… Кененирээк…

Бийлик аткезчилик үчүн жазаны күчөтүү ниетинде

Бийлик аткезчилик үчүн жазаны күчөтүү ниетинде. Кылмыш кодексине жана Тартип бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин профилдик комитети кароого алып, жактырды.   Демилгечилер бажы төлөмүн 2 эселеп төлөгөндөрдү кылмыш жазасынан бошотуу нормасын алып салууну сунуштады. Андан тышкары, контрабанда ташылган унаалар конфискацияланат. Акыркы чечим Жогорку Кеңеш… Кененирээк…