Эртең Бишкекте «Китепканадагы түн» өтүп, 50дөн ашык иш-чара уюштурулат

Бишкекте «Жаратылыш дүйнөсүн мен китеп менен ачамын» аттуу «Китепканадагы түн» өтөт. Бул туурасында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын маалымат кызматы билдирди. Социалдык-маданий акция 20-май күнү саат 18.00дө башталат. Кирүү акысыз. «Китепканадагы түн» акциясынын максаты окуу маданиятын өстүрүү жана жаш муундун китепке болгон кызыгуусун арттыруу, жаратылышты… Кененирээк…

“Ош” аба майданын оңдоого жалпы 156 миллион сом коротулганы айтылды

“Манас” эл аралык аэропорту “Ош” аба майданын реконструкциялоо бир нече баскыч менен ишке ашканын билдирип, ал үчүн сарпталган каражат, ишти аткарган компаниялар тууралуу маалымат берди.   Ага ылайык, 2012-жылы “Ош” эл аралык аэропортунун биринчи секторун кеңейтүү менен имаратты реконструкциялоо долбоору башталып, 2013-жылы аяктаган. Жыйынтыгында аянты… Кененирээк…

Кызыл-Кыяда шахтада бир киши газга ууланып каза болду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында жайгашкан көмүр шахтасында 19-майда 34 жаштагы адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирип, маркум Ноокат районунун тургуну экенин кабарлады. Анын сөөгү жакындарына берилди.   Кара-Козу айылында шахтада газ чыгып, анда жумушчулар… Кененирээк…

25 жашка чейинки эң көп киреше тапкан спортчулар аталды

25 жашка чейинки эң көп киреше тапкан спортчулар аталды.   Forbes басылмасы түзгөн рейтингге ылайык, биринчи орунда америкалык футболдун оюнчусу Джош Аллен турат. Анын кирешеси 67 миллион долларды түзөт.   Экинчи орунда 59 миллиону менен 24 жаштагы теннисчи Наоми Осака жайгашат. Үчилтикти унаа жарыш боюнча… Кененирээк…

Мамыржан Рахимов Баткен облусунун чек арага жакын айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Мамыржан Рахимов Баткен облусунун чек арага жакын айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды.   Буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак,  2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусуна караштуу кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал катталып, көптөгөн айылдар жабыркаган. Андан кийин… Кененирээк…

Ош аэропортунун имаратындагы шыптын урашы боюнча фактыны Транспорттук прокуратура иликтөө баштады

Ош аэропортунун имаратындагы шыптын урашы боюнча фактыны Транспорттук прокуратура иликтөө баштады. Бул тууралуу Генералдык прокуратурадан билдиришти.   Ведомство кырсыктын себебин аныктап, аткарылган иштерди текшерүү ниетинде. Ошондой эле, көзөмөлдөөчү орган оңдоо иштеринен кийин имаратты ким кабыл алганын аныктайт.   Эске салсак, кечээ Ош аэропортунун бир нече… Кененирээк…

Японияда жумушсуз адам бүтүндөй шаардын пособиесине багытталган акчаны жок кылды

Японияда жумушсуз адам бүтүндөй шаардын пособиесине багытталган акчаны жок кылды. 43 миллион йен пандемиядан жабыркагандарга берилмек, бирок чиновник жаңылыштык менен сумманы толугу менен тизмедеги бир эле адамга которуп алган.   24 жаштагы эркек ири суммадагы акча катачылык менен келгенин билсе дагы, аны толугу менен онлайн… Кененирээк…

Доллар жана евронун куну 2020-жылдагы деңгээлине түштү

Доллар жана евронун куну 2020-жылдагы деңгээлине түштү. Улуттук банк орноткон расмий курсуна ылайык, сом позициясын бекемдөөдө. Доллар дароо 2 сомго арзандап, 80 сом 28 тыйын болсо, евронун куну учурда 84 сомду түзөт.   Эске салсак, акыркы жолу америкалык валюта 79-80 сомдук деңгээлде 2020-жылдын октябрь айында… Кененирээк…

Бишкекте милиция 23-майдан тарта кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө

Бишкекте милиция 23-майдан тарта кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу. 26-майдан 28-майга чейин коомдук коопсуздукту камсыздоого 4 миң милиция кызматкери, 200 унаа жана мотоцикл кортеждери тартылат.   Ошондой эле, бул күндөрү шаар көчөлөрүндө транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет.… Кененирээк…

Өлкө базарларында кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонуу талабы жокко чыгарылышы мүмкүн

Өлкө базарларында кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонуу талабы жокко чыгарылышы мүмкүн. Мындай демилгени Экономика министрлиги көтөрүп чыкты.   Ведомствонун Салык саясаты башкармалыгынын начальниги Кубанычбек Ысабеков билдиргендей, алгач базарларда кассалык аппараттар 1-августтан тарта колдонулуп баштайт деп пландалган.   Бирок көптөгөн талкуулардан кийин базарларга атайын салык системасын киргизүү, анын… Кененирээк…