Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн босого упай жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен орнотулат

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн босого упай жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен орнотулат. Бул тууралуу жогорку жана орто билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Асан кызы билдирди.   Анын айтымында, мурдагы 110 балл деңгээлинде дагы калышы толук ыктымал. Эске салсак, босого упай – бул жогорку окуу… Кененирээк…

Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына 5 миңден ашык техпаспорт берилди

Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына 5 миңден ашык техпаспорт берилди. Бул тууралуу 24 агенттигине “Кадастр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 10 миң арыз келип түшкөн.   Аларды адистер бирден талдап, 8 миң 350 тилке изилденди, ал эми 1 миң 100 учур боюнча арыздар четке кагылды.… Кененирээк…

Кыргызстандын бардык туристтик каттамдарында эс алуу түйүндөрү пайда болот

Кыргызстандын бардык туристтик каттамдарында эс алуу түйүндөрү пайда болот. Алар көчмөндөрдүн улуу мурасын чагылдырып, бирок заманбап стилдин айкалышында жасалгаланат.   Жалпысынан өлкө аймагында мындай 68 түйүн ачылат. Алар ар бир облустагы туристтер көп каттаган жолдордо жайгашат. Ар биринде эс алуучулар тамактанып,  телефондорун кубаттап, жуунуучу жай… Кененирээк…

Республикада жалпы республикалык тестирлөө үчүн 117 тест борбору ачылды

Республикада жалпы республикалык тестирлөө үчүн 117 тест борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди. Анын айтымында, 47 миң абитуриенттин катышуусу күтүлүүдө.   Эске салсак, Жалпы республикалык тестирлөө 24-майдан 28-майга чейин өтөт. Андан тышкары, 23-26-май аралыгында кошумча каттоо… Кененирээк…

Бишкекте алдыдагы күндөрү өтө турган саясий иш-чаранын алкагында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Бишкекте алдыдагы күндөрү өтө турган саясий иш-чаранын алкагында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бирок көпкө эмес, дешет бийликтегилер – болгону 5-10 мүнөткө.   Жол кыймылыныны коопсуздугун камсыздоо башы башкармалыгынын начальниги Азамат Исраиловдун айтымында, “Манас” проспектисинен Бишкекке чейинки трасса, Жибек Жолу, Чүй, Айтматов проспектилери, Жаш Гвардия бульвары… Кененирээк…

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапары 26-майга белгиленди

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапары 26-майга белгиленди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.   Анын айтымында, бул күнү Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтөт. Токаев гана саммитке келип катышат, ал эми калган ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери онлайн катышуусу күтүлүүдө.

Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет

26-майда Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады. «Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки жана көп тараптуу алаканын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу… Кененирээк…

Германия тургундары бензин кымбаттагандыктан, акырындап ат минүүгө өтүп баштады

Германия тургундары бензин кымбаттагандыктан, акырындап ат минүүгө өтүп баштады. Жергиликтүү аял унаасын токтотуп коюп, ат сатып алды. Буга чейин жумушка 10-15 мүнөттө жетип жүрсө, эми жолго 1 саат талап кылынат.   Буга карабай, ал адамдардын бардыгы ат минүүгө өтүшүн каалайт. Анткени, бул транспорттун эң эле… Кененирээк…

Жогорку окуу жайга кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт

Жогорку окуу жайга кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин адиси Айнура Асан кызы билдирди. Ал эске салгандай, мындай тажрыйба 2 жылдан бери колдонулуп келе жатат.   Абитуриент 2020.edu.gov.kg порталында каттоодон өтүп, жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификатындагы номерди жана паспорт маалыматын жазышы… Кененирээк…

1-июлдан тарта Бишкектен Жалал-Абадга авиакаттамдар күн сайын аткарылат

1-июлдан тарта Бишкектен Жалал-Абадга авиакаттамдар күн сайын аткарылат.   Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришти. Компаниядан эске салышкандай, учурда ордо калаадан учактар Жалал-Абадга жумасына 3 жолу учат – дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү.