Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 69 миллион метр кубду түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 69 миллион метр кубду түздү (19-майга карата көрсөткүч). Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунан билдиришти.   Маалыматта суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 619 метр куб, агып чыгышы 303 метр кубду түзгөнү белгиленди.

Аксыда сел түшүп негизги каттамдардын бири убактылуу жабылды

Аксыда сел түшүп негизги каттамдардын бири жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ, 20-майда саат 18:00дөр чамасында Аксы районуда кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Авлетим айыл өкмөтүнүн Авлетим-Кара-Жыгач унаа жолунун 37-чакырымында (Капчыгай тилкеси)… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында кечкиге чейин электр энергиясы жок болот

Бишкектин айрым аймактарында кечкиге чейин электр энергиясы жок болот. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин жарык Тоголок Молдо, Алыкулов, Исанов, Күрөңкеев, Астрахань көчөлөрүндө, Арча-Бешик конушунда жана Чоң-Арык айылында өчүрүлдү.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү. Бул ирет дагы долларды сатып алуу боюнча операция жасалды. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтындагы маалыматка ылайык, 20 миллион доллардан ашык сатылып алынды.   Бул бир жума ичиндеги экинчи интервенция. Белгилеп кетсек, мындай каржылык операцияларды Улуттук банк америкалык валютанын серпилүүсүн алдын… Кененирээк…

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу күзүндө башталат

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу күзүндө башталат. Министрлер кабинети Кыргызстандын 2022-26-жылдарга темир жол транспортун өнүктүрүү багыттарын бекитти.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык,  Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу аркылуу Кытайдан биздин өлкөгө, андан кийин үчүнчү мамлекеттерге товар ташууга мүмкүн… Кененирээк…

Түркия «Сапат» билим берүү мекемелерине чектөөлөрдү киргизди

Түркиянын Бишкектеги элчилиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин окуучуларына, студенттерине жана аларда эмгектенгендерге бир катар чектөөлөр киргизилгенин жарыялады.   20-майда түрк элчилиги тараткан билдирүүдө, «Түркияда ФЕТӨ/FETO (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) уюмуна тиешелүү бардык мектептер жана окуу жайлары жабылганын» билдирди. Маалыматка ылайык,… Кененирээк…

Лейлекте эки жүздөй кой-эчкини сел агызып кетти

19-майдын кечинде Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам бир катар айылдарда сел жүрүп, мал жандыктарды агызып, жолдун бир бөлүгүн бузуп кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Катраң айыл өкмөтүнүн Катраң, Баул айылдарынан өткөн сайдан сел агып, Раззаков-Катраң унаа жолунда таш менен курулган дамбанын 80 метр… Кененирээк…

Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна чектөөлөр кирди

Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна байланыштуу бир катар чектөөлөр кирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады. Ашхабадда мамлекеттик мекемелердин аял кызматкерлерине “көңүл бурдуруучу элементтери бар көйнөктөрдү кийбейм” деген тил кат алынып жатат. Мурдараак мындай талаптар башка аймактарда киргизилген.   Айымдар мындан ары косметиканы колдонбошу керек.… Кененирээк…